www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
8-октябрда Ташкент шаардык соту бир туугандар Аброл жана Шухрат Дусмухаммедовдорду алты жарым жылга эркинен ажыратуу чечимин чыгарды. Аларга буга чейин экстремизм айыбы менен издөө жарыяланган.
Сот 56 жаштагы Аброл менен 53 жаштагы Шухрат Дусмухамедовдорду «Диний экстремисттик, сепаратисттик же башка тыюу салынган уюмдарды түзүү, жетектөө жана алардын ишмердүүлүгүнө катышуу», ошондой эле «Өлкөдөн мыйзамсыз чыгуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп тапты. Мындан тышкары алардын шериги эсептелген 51 жаштагы Журабай Сатыбалдиев беш жылга соттолду.
Акыркы беш жылдан бери издөөдө жүргөн бир тууган Дусмухаммедовдор Түркиядан Өзбекстанга быйыл 28-майда кайтып келишкен. Алардын аэропортто туугандары менен бир аз сүйлөшүүсүнө уруксат беришип, андан соң дароо кармап кетишкен.
Өкүмдө жазылгандай, «Жихадчылар» деген диний агым менен байланышууга жана экстремисттик адабияттарды сактоого айыпталган бир туугандар камалуудан коркуп, 2013-жылы февралда Түркияга чыгып кетишкен. Журабай Сатыбалдиев болсо өлкөдө калып, укук коргоо органдарынан жашырынып жүргөн.
Өкүмдө ошондой эле Дусмухаммедовдор белгилүү өзбек динаятчылары Абдували-кори Мирзаев менен Обидхон-кори Назаровдун баяндарынан таасир алгандыгы жазылган. Расмий Ташкент аталган диний адамдарды Өзбекстан ваххабиттеринин руханий лидери деп эсептеп келген.
Соттолгон Аброл Дусмухаммедовдун жубайы Махсуда Дусмухаммедованын айтымында, күйөөсү менен кайын иниси кармалбай тургандыктары жөнүндөгү президент менен Ташкент шаардык прокурорунун убадасына ишенип мекенине кайтып келишкен. «Президенттин жарлыгы кандай болуп калат? Күйөөм менен кайын иним эч кимди өлтүргөн эмес, эч кандай согуштук аракеттерге катышан эмес! Эми эл президенттин убадаларына кантип ишенет? Төмөн жакта турган чиновниктер президенттин жарлыктарынан саботаж жасап жаткандай болууда», — деди ал.
Бирок Өзбекстандын укук коргоо органдарынын маалыматына караганда, издөөдөгү адамдардын тизмесиндегилер мекенине өз каалоосу менен келсе дагы «ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жыйынтыгында» кармалган деп эсептелишет. Аларды кылмыш жоопкерчилигинен бошотуу же бошотпоо маселеси процессуалдык тартипте каралат.
Булак: "centralasian"