www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казак эстрада жылдызы Камшат Жолдыбаева менен Мирбек Атабековдун бирге аткарган "Мени тыңда" деген ырдын клиппи талкууга түшүп турган чагы. Клиптеги айрым кыймыл аракеттери менен элдин эсин оодарган Мирбек Атабековго көптөр түшүнбөй турган чагы.
Мирбек өз сөзүндө:
"Эч ким жаракат алган жок, баары аман-эсен. Клип тартылып жаткан убакта жубайым карыш жылбай жанымда болду"- деген эле.
Ага колдоо көрсөткөн жылдыздын жубайы Мээрим Төлөпберген:
- Биз долбоорду көптөн бери күтүп, эми буюруп ишке ашып олтурат. Көп идеялар, инициатива мен тараптан болду. Андыктан күйөөмдүн чыгармачылыгын сыйлагандар бул жөн гана чыгармачылыктын жемиши деп ойлойм. Мен жолдошумду бардык тараптан колдойм. Жолдошумдун чыгармачылыгы менен сыймыктанам. Сураныч, түшүнүү менен кабыл алыңыздар!-деген билдирүүсүн калтырган.
"Өзүңдү өзүң алдап жатасыңбы? Ушинтип жатып жолдошуңдан айрылып калба!"- деген коменттер да жазылды.
Эми эстрадага жаңылык киргизем деген жылдыздын тилеги ишке ашабы же сынга калып кетеби анын баарын убакыт көргөзөт. "Талаштан тактык жаралат"- дегендей ырчыны бул жаңылануусун колдогон замандаштары жана сахналаш достору да арбын.
Демек таланттуу ырчынын келечеги дагы да болсо алдыда десек болчудай. Мээримдей колдоо көрсөтө билген жубайлар чанда гана кездешсе керек. Ишеним болгон жерде мамиле андан ары да бекемделе берет деген үмүтүбүз бар.
Булак: NazarNews.kg