www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мексикада кыргызстандык жаран каза болду

Мексика Кошмо Штаттарынын Мехико шаарында Б.Р. аттуу Кыргызстандын жараны каза болду. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.

Алдын ала маалыматтарга ылайык, ал жүрөк оорусунан улам каза болгон. Учурда маркумдун сөөгүн Кыргызстанга өз убагында жеткирүү жана анын жакындарына керектүү жардам көрсөтүү боюнча тиешелүү иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Кыргызстандын Америка Кошмо Штаттарындагы элчилиги маркумдун жакын туугандары менен үзгүлтүксүз байланышта болуп, бул маселени өзгөчө көзөмөлдө кармоодо.

Последние новости