www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Укук коргоочу Назгүл Турдубекова Фейсбуктагы баракчасында балдардын коопсуздугун камсыздоо өтүнүчү менен президент Садыр Жапаровго жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге кайрылды.
"Мектептер кайрадан эвакуацияланууда. Эмне болуп жатат? Эмне үчүн укук коргоо органдарына IP даректи табуу кыйын болуп жатат? Балдар жана ата-энелер дайыма депрессиялык абалда болушууда. Маалыматтык коопсуздук кайда?", - деп жазган укук коргоочу.
Эске салсак, бүгүн дагы бир нече билим берүү мекемелерине бомба коюлган делген маалыматтар келип түшкөн.
Бул телефон аркылуу жасалган биринчи чабуул эмес. Акыркы бир жумада мектептерге, колледждерге, университеттерге жана соода борборлоруна жардыргыч заттар коюлганы тууралуу эки маалымат түшкөн.
Ушундай эле билдирүүлөр Бишкек шаарындагы билим берүү мекемелерине жана соода борборлоруна 20-январда жана 22-мартта келип түшкөн. Бул чабуулдардын уюштуруучулары азырынча табыла элек. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасынын орун басары Айбек Шаменов билдирүүлөр жөнөтүлгөн аккаунттар Украина жана Орусиянын аймактарында катталганын билдирди. Билим берүү министрлиги мектептерде, колледждерде жана ЖОЖдордо коопсуздук чараларын күчөтүүнү тапшырды.
Булак: NazarNews.kg