www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Райымбек Матраимов сыяктуу карапайым элдин жүгүн көтөргөн балдарды колдоп, мамлекеттик чоң кызматтарга алып барсак туура болот. Мындай пикирди көз карандысыз журналист, коомдук ишмер Мелис Арип-Бек NazarNews маалымат агенттигине билдирди.
--"Мен Райымбек Матраимовду жакындан тааныбайм, бирок ал адамдын кыргыз элине кылган жакшылыгын билем. Ал пандемияда канчалаган карпайым элге кол сунуп, мамлекетке жардам берди. Биз буга чейин дагы анын кылган жакшы иштерин билебиз. Кыргызстанда коомчулук Райымбек Матраимовду аябай колдошот. Аны көрө албаган адамдар эмнеге кыянаттык кылышат билбейм. Азыр ага карата айтылып жаткан иштерди сот гана чечет. Менин оюмча карапайым элдин жүгүн көтөргөн балдарды колдоп, мамлекеттик чоң кызматтарга алып барсак туура болот. Мисалы, башка деле байлар бар бирок алардын мынчалык чоң иштерди жасаганын көрө элекбиз. Андыктан азыр мен айтаар элем Райымбек Матраимовду колдойлу, жөн эле күнөөлөгөндүн кереги жок”, - дейт Мелис Арип-Бек.
Булак: NazarNews.kg