www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Депутаттар Кемпир-Абад боюнча чечимди оң жагына чечип беришсе, жүздөрү жаркылдап, үйлөрүнө аман-эсен, жарык жүздөрү менен кайтышат. Мындай пикирин эркин журналист Мелис Арып-Бек билдирди.
Ушул жума күнү, качантан бери элди дүрбөтүп, бөлүп жарган, атүгүл, чыркыраган чындыкты айткандар камалган, андыктан, кырдаал курчуган көйгөйлүү шартты оң жагына чечүүчү күн. Ооба, ошондой өтө оомалуу-төкмөлүү, опурталдуу күн. Агерде, азыркы арабөк арсыз жана алсыз кыргыз парламенти айдамалыктан баш тартып, Кыргызстандын келечеги, демек, бүтүмдүгү үчүн чын дилинен күйүп бышышса... Анда, алардын бир кана туура жолу бар. Айдама, жалданма Улан Примов төрагалык кылган, Кемпир-Абад боюнча Комитеттин чырлуу чечимин, колдобой, ага каршы добуш берүү... Ошондо...
Ошондо, азыркы азгырылып алданып адашкан бийлик, чоң баллядан кутулушат. Орустар айткандай: «И овцы целы, и, волки сыты будут». Демек, курчуган көкөйкести кырдаал жоюлат...
Биринчиден, кыргыз калкы, азыркы Жогорку Кеңештин депутаттарына абыдан ыраазы болушуп, аларды «Ура-а-лап», тосуп алышат! Депутаттардын жүздөрү жаркылдап, үйлөрүнө аман-эсен, жарык жүздөрү менен кайтышат. Керек болсо, айрымдары саунага, ресторанга барышсын. Андай күн болгондо, аларга эч каршылык да капачылык да жок. Атүгүл, Турсунбай-Трусыбай Бакир уулуна окшоп жапжаш эне сүтү оозунан кетелек кыздарды алышсын. Албетте алардын ата-энеси макул болушса. (Эми бул жагы, тамаша ирээтинде айтылган сөз).
Экинчиден, эки достун Мирзиёевдин алдында да, сөзү өтүмдү болот: «Урматту Шавкат мырза! Өзүңүз көргөндөй, биз жакшы эле аракет кылдык. Керек болсо, ачык-айкын каршы чыккандарды эч айабастан чыркыратып камадык. Ал жагын бүт дүйнө көрүп, байкашты. А бир ак, тилекке каршы, калдайган калың калктын каарынан, каргышынан сестенген биздин Жогорку Кеңеш, эртеңкисинен кооптонушуп, биз Кемпир-Абад боюнча сунуштаган келишимди колдошпой коюшту. Ошентип ратификациядан өтпөй калды Так что, арга жок, извините – типа кечиресиз...» – дешип кутулушат.
Үчүнчүдөн, акыркы айларда алданып азгырылып, бөлүнүп-жарылып жаткан коомчулуктагы ажырым кан буугандай токтоп, жалпы коомчулукта тынчтык, бейпилдик оорнойт. Ошентип, бир кана азыркы КР ЖК тарыхый чечими курчуган коопсуздук кырдалды жокко чыгарышып, чыркыраган чындыктын нуру жалпыбыздын башыбызды бириктирет... Андан дагы өткөн сонун тилек барбы!?!
Ошентип, эки доско карата күч алган нааразычылык өзүнөн өзү тарайт. Атүгүл, кайрадан бийликке ишеним үмүттүн шооласы жанып, эл ыраазы болот!
Аванс ирээтинде, Урматуу улуу Элдин Эл өкүлдөрү – деп кайрылайын! Эсиңерден чыгарбагыла, эзилген элдин нааразычылыгынан, заарынын, каарынан, каргышынан өткөн жаза жок. Агерде, чындап эле эгемен элиңдин келечеги үчүн күйсөңөр, ушул жагын эске алгыла. Сөзсүз эске алгыла.
Агерде, биригип туруп, бир добуштан Кемпир-Абаддын кошуналарга өтүп кетүүсүнө каршы добуш берсеңер... Аттиң ай-а, андай күн болсо кана! Андай болгон күндө, силерге миң мертебе Таазим! Андыктан, азыркы азгырылып адашып, арсар болуп турган депутаттарга Жараткандан Ар Намыс, Баатырлык чечкиндүүлүктүү тилейлик калдайган карапайым касиеттүү калайык кыргыз калкы! Жаратканым жалгап, ой-тилегибиз оорундалып, ишибиз алга жылсын! Жогорку Кеңештип депутаттарына алоолонгон Ар намыс, абийир-ариет берип, ддилеттүү добуш беришин тилейлик Кудайдан!», - деп белгилеген Арыпбек.
Эскерте кетсек, 23-октябрда массалык камакка алуулар башталган. 21 адам Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун райондорунун ички иштер башкы башкармалыгынын УККсына киргизилди. Жогорку Кеңештин экс-депутаты Канат Исаев дагы борбор калаанын СИЗО-1 абагына бир айга камакка алынды. Алардын үйлөрүндө тинтүү жүргүзүлүп, андан соң активисттер менен саясатчыларды камакка алуу боюнча токтомдор чыгарылган.
Кеңешбек Дүйшөбаев, Эрлан Бекчороев, Айданбек Акматов, Асия Сасыкбаева, Рита Карасартова, Атай Бейшенбек, Клара Сооронкулова, Азимбек Бекназаров, Айбек Бузурманкулов, Жеңиш Молдокматов, Бектур Асанов, Нурлан Асанбаев, Гүлнара Журабаева, Равшан Жээнбеков, Таалай Мадеминов, Улугбек Маматаев, Перизат Суранова, Чыңгыз Капар, Али Шабдан уулу, Талант Эшалиев, Кубанычбек Кадыров 48 саатка камакка алынышкан.
24-октябрдан 25-октябрга карган түнү Бишкектин Биринчи Май райондук соту массалык баш аламандыктарды уюштурган жана бийликти басып алууга аракет кылган деп шектелген саясатчылар менен активисттерге карата баш коргоо чарасын карады.
Саясатчы Азимбек Бекназаров 23-декабрга чейин камакта калды.
Ошондой эле, саясатчы Равшан Жээнбеков, мурдагы депутат Асия Сасыкбаева, жарандык активист Али Шабдан, саясат талдоочу, активист Таалайбек Мадеминов, журналист Айданбек Акматов жана активист Чыңгыз Капаров, Эрлан Бекчоро уулу, Перизат Суранова менен Улукбек Маматаев 20-декабрга чейин камакта калтырылды.
Ал эми, активист Талант Эшалиев ден соолугуна байланыштуу үй камагына чыгарылды.
Булак: NazarNews.kg