www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Массалык камоолор. Дагы 3 активист 2 айга камалды

Жарандык активист Эрлан Бекчоро уулу 20-декабрга чейин камалды. Анын бөгөт чарасы 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук сотунда каралды.

Ушундай эле чечим активисттер Перизат Суранова менен Улукбек Маматаевге да чыгарылды.

Белгилей кетсек, бүгүн Бишкектин Биринчи май райондук сотунда саясатчы Равшан Жээнбеков, Асия Сасыкбаева, Азимбек Бекназаров, саясат талдоочу Айданбек Акматов жана жарандык активисттер Рита Карасартова, Али Шабдандын баш коргоо чарасы карап, 2 айга камакка алуу чечими чыгарылды.

Эске салсак, 23-октябрда Бишкекте жыйырмадан ашуун оппозициялык саясатчы менен активисттердин үй-жайында тинтүү жүргүзүлүп, милицияга чакырылган жана 48 саатка камалышкан. Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Тергөө кызматы Кылмыш жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандыктарды уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө амалдарын жүргүзүп жатат.

24-октябрда Бишкекте бир катар саясатчылардын жана жарандык активисттердин камалышына каршы болгондор жөө жүрүшкө чыгышты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости