www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз калкына кайрылуу
Кадырлуу калайык калк! Урматтуу жумурай журт!
Азыркы арсыз арабөк бийлик төбөлдөрү чектен чыккан чыккынчылыкка барып жатышат. Себеби, кыргызды кыргыз катары бүткүл дүйнөгө таанытып келген Манас атабызга каршы чыгышып, “Манас айылын” жок кылып, ал жерге бийликтин ордосун курууга киришти. Буга чейин “Ысык Көл” мейманканасын талкап, түп тамыры менен жок кылышкан.
Эми ошонун капталындагы Манас айылына көз артып, чекарасын бузушуп, басып алууга чабуул жасап жаткан учур. Ошол “Манас айылына” мүдүр болуп бекитилген белгилүү манасчы Дөөлөт Сыдыковду чымындай да көрүшпөй, өз билгендигин кылып жатат азыркы амалкөй ашынган ачкөз бийлик. Манас Атабызга асылган бийлик, жалпы Кыргыз элинин ыйыктыгына, сыймыгына каршы чыкканга барабар эмеспи калайык калк.
Былтыр, Гиннесс Китебине каттаалуу үчүн Дөөлөт Сыдыков бир апта бойуу Москвада күнү-түнү дем албай Манас дастанын айтканда, ошондо дагы, ушул арсыз сабатсыз, самопал намысы жок бийлик, жок дегенде, телефон аркалуу манасчы Дөөлөт Сыдыковду куттуктап койгонго жарашпаган.
Демек, азыркы арамза бийлик үчүн, кыргыздын ыйыгы сыймыгы, колдоочусу болгон – Манасыбыз, көрсө, бир тыйынга татыбайт экен да.
Эми, ушул эле бийлик рейдерлик жол менен Манас айылына көз артып, жерин тартып алууда. Анын ордуна бийликтин хансарайын тургузушат экен. Арамдыктын, ачкөздүктүн чеги болбойт турбайбы? Манаска асылган арамдар келечегин ойлошпойт экен да? Буларда улуттук ар намыстын кыпыны да жок турбайбы?
Калайык калың калк! Келгиле, биригип туруп Манас айылын эки жүздүү саткын ачкөз бийликтен сактап калалык! Бул эмне деген шумдук, не деген пастык, не деген арамзалык, чектен чыккан наадандык, акмактык? Мындай кадамга кыргызды жек көргөн душмандар кана барат?
Манасты, керек болсо, кытайдын бийлиги сыйлап, урматтап Манас менен кырк чоросуна эстелик тургузушкан. А биздин арсыз алсыз бийлик, Манаска каршы чыгып, бүтүндү бүлдүргөндөргө наалат жана каргыш!
Эркин журналист, Манас изилдөөчү Мелис Арыпбек
Булак: NazarNews.kg