www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 15-апрелде Жогорку Кеңеште КР энергетика тармагындагы түзүлгөн кырдаал боюнча маалымат берилди.
Маалыматты КР энергетика министринин орун басары Тилек Айталиев билдирди. Анын айтымында, Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмүнүн азайышы циклдик мүнөздө болуп, 5 жылда бир кайталанып турат. Жылытуу мезгили башталганга чейин Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү болжол менен 12,3 миллиард кубометрди түзсө, кыш мезгилинен кийин 8,1 миллиард кубометр сууну түздү.
Депутат Мейкинбек Абдалиев республиканын электр энергиясына болгон жылдык муктаждыгы, электр энергиясынын өздүк наркы боюнча суроолорго токтолду. "Бүгүнкү күндө Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү өзгөчө тынчсызданууну жаратууда. Мындан бир нече жыл мурун суунун критикалык көлөмү 9 миллиард куб метрден бир аз ашат деп айтылса, азыр суунун көлөмү 8,1 миллиард кубометрди түздү. Быйыл бул көйгөй жаратпайбы?", - деди депутат.
Энергетика министринин орун басары Тилек Айталиевдин айтымында, республиканын быйылкы жылы электр энергиясына болгон муктаждыгы болжол менен 16 миллиард кВт саатты түздү. Анын 2,2 млрд кВт сааты ТЭЦ, 12,7 млрд кВт сааты ГЭС, ал эми импорт 2 млрд кВт саатты түздү.
Булак: NazarNews.kg