www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мелис Арыпбеков: «Жыйындан кийинки ой»

Азыркы Садыр Жапаров баш болгон бийлик алына, акылына, шартына, мүмкүнчүлүгүнө жараша тырбалаңдап көптөгөн иштердин баштарын баштап коюшту. Мындай пикирин эркин журналист Мелис Арыпбек билдирди.

«Президент Садыр Жапаров баш болуп, бийликтин бутактары төш болуп, жумурай журт кулак көз болуп, өкмөттүн отчетуна күбө болдук. Ошол тууралуу мен өз оюмду жазсам, мени сындагандар болду: «Байке дале да болсо бийликке ишенебересиңерби, айткандары жалган, асмандан алынган...» – сыяктуу сындар мага карата айтылып келет. А бирок...

А бирок, калп айткан менен болобу, азыркы Садыр Жапаров баш болгон бийлик алына акылына, шартына, мүмкүнчүлүгүнө жараша тырбалаңдап көптөгөн иштердин баштарын баштап койушту. Арасынан айрымдары ишке ашып, мугалимдердин айлыктары болуп көрбөгөндөй көтөрүлдү. Андан башка дале жакшы жөрөлгөлөр болуп жатат. Туурабы?

Жакшы тилек, жарым ырыс! – дегендей, жакшы тилек, ой максаттар болуп жатат. Андыктан, бир беткей эле, каралап, жамандап бергенден эч пайда чыкпайт. Туура, азыркы бийликтин кемчиликтери да толтура, алабармандык, пиар компания, убадалар унутулуп, артка тарткан учурлар жок эмес, бар. Дагыда боло берет шартка кырдаалга жараша.

Ойлогон ойду, кыстаган турмуш жеңет болуп, андай чекиликтерди тартынбай бетине айтып, жабалактап жазып келебиз да. Туурабы?

Азыркы заманда, эң күчтүү бийлик, бул интернет булактары, интернет майданы экени анык. Бардыгы алакандай көрүнүп, билинип, угулуп турат.

Ошону колдонуп, каалагандай бийликти сындап, атүгүл, каргап, сөгүп-сагып келебиз. Ал жагын кандай кана бийлик болбосун тыйалбайт. Элдин күчү дал ушул интернет майданында. Андыктан, кадырлуу калайык калк, кээде, ашыкча кетпей, бийликтин жакшы жактарын дагы ичибиз тарыбай, колдоп оңдоп, дем берип турсак, неге болбосун. Себеби, элине жараша бийлиги да! Өзүбүз тандап, шайлаганбыз. Канткен менен бизге башкалардын бийлик башчыларынын кереги жок.

Бизге төртүнчү-бешинчи дүрбөлөң тополоңдун дагы эч кажети жок. Кандай болгон күндө да, кайсыл бийлик болбосун, биз оңдоп түздөп, колдоп-жолдоп алга жылалык. Башка жолубуз жок. Бизге аба-суудай ынтымак менен биримдик гана керек! А калганына, бир гана мезгил менен убакыт тараза!

Кандай дейсиңер урматтуу улук жумурай журт! Калыстыктан качпайлы да кадырыбыздан тайбайлы. Калыс сөз айтууга акым бар!», - деди ал.

Эске салсак, 14-июлда министрлер кабинетинин жыйыны болуп өттү. Анда бийлик 2022-жылдын биринчи жарым жылдыгында өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн жыйынтыгы тууралуу отчёт берген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости