www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы кезде, алгачкы ажобуз Аскар Акаев өз мекенинде. Себеби, бүгүнкү бийлик менен макулдашылып “КУМТӨР” маселеси бойунча келдим – деп өзү айтып жатат. Ооба, “КУМТӨР” алтын кенин иштетүү боюнча Акаевдын убагында, Чыңгыз Айтматовтун өтүнүчү менен Борис Иосифович Бирштейн Чыңгыз Төрөкуловичтин баласы Санжарбек экөө Бишкекке келип, Акаевке кеңешчи болуп, акыры “КУМТӨР” алтын кенине ээлик кылышкандары анык. Ал боюнча мен учурунда журналистик иликтөө жүргүзүп, Айтматов менен Акаев, Николой Танаевке окшогон белгилүү инсандарга жолугуп, ошонун негизинде үчилтик “УНАИС” аттуу даректүү китеп жарык көргөн. Анын чет-чебин айрым окурмандар жакшы билишет.
Албетте Акаев Аскар учурунда Чыңгыз Айтматовго ишенип, Бирштейнди кабыл алып, аны өзүнө кеңешчи кылып алганы да анык. Бирштейн Борис Санжарбек Айтматов менен бирге алгачкы Кыргызстандын өкмөт башчысы Насирдин Исановдун өлүмүнө тиешеси бардыгы да анык. Алардын кылмышы ошол кезде кан буугандай жабылганы да анык. Эми булар жөнүндө мен абдан кеңири айтып жазганмын. Кайталоонун эч кажети жок.
Акаевдин азыркы учурда Ата-Журтуна келгени жакшы көрүнүш. Канчалык биз ага таарынып, а түгүл, каарып, каргап жек көрбөйлүк, а бирок, анын ак жакшы жактарын дагы эстен чыгарбасак болчудай. Акаевдын доорунда кабыл алынган кыргыздын улуттук валютасы сом ушул күнгө чейин мурунку союздук республикалардын арасында эң салмактуу жана салабаттуу валюта экени да анык. Орусиянын рубли менен тең тайлашып отуз жылдан бери жашап жатат.
Аскар Акаев ушул учурда Орусиянын эң белгилүү окумуштууларынын бири катары, аны орусиялык окумуштуулар абдан барктап сыйлап урматташат. Мен ал жөнүндө, Аскар Акаевдин Михаил Ломоносов атындагы мамлекеттик университетинде жасаган доклады жаңы ачкан илимий формуласын жактаганда, өзүм катышып, ага күбө болгонмун. Ошол жерден ал ачылышы боюнча атактуу окумуштуулар: “Это открытие несомненно заслуживает на присвоение Нобелевской премии...” – деп айткандарын өз кулагым менен угуп, көргөнмүн. Ал учур Борис Ельцин дүйнө салган кезинде болгон. Андан бери дагы Аскар Акаев көптөгөн илимий ачылыштарды ачканы белгилүү. Андыктан, Орусиянын академик, профессор окумуштууларынын арасында кадыр-баркы абдан бийик десем, ашачаппагандык. Ал жагын Владимир Путин дагы абдан жакшы билгендиктен ардайым Акаевди колдоп келет. МГУнун ректору Садовничийдин сунушу боюнча ал улук окуу жайдын филиалын биздин Бишкекке ачып койсок, андан биздин артта аксап калган илим-билим тармагына абдан түрткү болмок. Ошол ойду дагы Аскар Акаевич баса белгилеп кетти кечээ күнү журналисттерге курган маегинде.
Ооба, учурунда Аскар Акаев ишенчээк, ак көңүл, а түгүл, айдама пенде катары, көптөгөн кемчиликтерди кетирип, жөөттөрдүн тилин алып Кыргызстандын өндүрүшүн түп тамырынан талкалап, жумушсуздук каптап, кыргыздын жаштары аргасыздан өлкөсүнөн чыгып кетишип, кор болуп келишет. Жамандык болмоюн, жакшылык жок, - дегендей алардын айрымдары дүйнөнү кесип жүрүп, көптөгөн тажрыйба топтошту. Элин жерин багып, мекенине каражат жөнөтүп келишет. Бул дагы болсо табигый мыйзам ченемдүүлүк.
Акаевди көбүбүз камашыбыз керек – деп жатабыз. Эми аны убакыт чечет. Тергөө менен сот акыры чечсин, эгерде анын анчалык кетирген кемчилиги же чыккынчылыгы болсо. А бирок, Акаевдин бир дагы документтерге кол койгондору жокко эсе. Анын үстүнө 16 жылдык убакыт агып жок болду. Биздин мыйзам менен он жылдан кийин кандай гана кылмыш болбосун, кылмышкерлерге кылмыш иши жаңыланып жанданбайт тилекке каршы...
Андыктан 76 алты жашка келген Акаевди тынч коюп, анын тажрыйбасын, өзгөчө илим-билимин, Орусияда жана эл аралык деңгээлде бийик аброюн, кадыр-баркын эске алып, Аскар Акаевичти өзүбүзгө иштетип, пайдасын көрсөк, кандай дейсиңер замандаштар? Мени дагы ашатып сөгөсүңөр “кошоматчы, пахтачы, акмак-сакмак...” – деп. Эми ал турган иш. Ага капачылык жок. А бирок, ошол эле орустун макалы бар: “Из двух зол выбирают наименьшее” – деген.
Учурунда, Орусияны таптакыр чөгөлөтүп салган аракеч Борис Ельцинди деле орус эли айкөлдүк кылып кечиришкен. Себеби, ал өз каалоосу менен бийлигин жаш Владимир Путинге өткөзүп берген. Жоголуп чачырап бараткан Орусия бүгүн, кайрадан улуу Державага айланды. Америка, Кытай эсептешкенге аргасыз болуп турганы жалганбы?
Аягында, Аскар Акаев алгачкы Кыргызстандын ажосунан өтүнүч, Аскар Акаевич, өзүңүз айткандай коллега, сиз жалпы кыргызстандыктардан жакшылап кечирим сураңыз! Анткени, кетирген кемчиликтериңер абдан арбын. Ал жагын өзүңүз дагы абдан жакшы билесиз. Башкаларга айыпты амалданып оодарып актанбай, элден айланса болот, кечирим сураңыз.
Сиз Москвада жүргөндө, эң алгачкы ишенип маектешкен көз карансыз журналист, публицист катары суранып жатамын. Туурабы? Сиз мага ишенип: “Мелис, сен мени бийликте турганымда абдан катырып сындачу элең, андыктан сага эл ишенет...” - деп, экөөбүз абдан жакшы маектешкенбиз Москвадан. Ал дилмаекти учурунда абдан окулуктуу гезит “Де Факто” бир эмес, эки жолу басып чыгарышкан.
Андыктан, ошол кездерди эске алып, Аскар Акаевич элиңиздин алдында чөгөлөп, кечирим сурап коюңуз. Кыргыз эли абдан акылман айкөл кечиримдүү эл. Бул дагы болсо, жеке менин оюм сунушум эмес. Эзилген элдин талабы - деп ойлоймун.
Мелис Арып-Бек, эркин журналист, публицист
Булак: NazarNews.kg