www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмнеге токойлор көп өрттөнүүдө?

Өткөн аптада Түркиянын бир нече аймагында токойлордо өрт чыкты. Өрттү өчүрүү иштери азыркы күнгө чейин уланууда. Соңку жылдары дүйнөнүн ар тарабында токойлордун өрттөнүүсү көбөйгөнүн байкоого болот.

Илимпоздор токойлордо тез-тез өрт чыгып, кырсыктын көп катталып жатканына тынчсызданууда.

Өткөн аптанын акырында Түркиянын 35 облусунда 129 өрт катталган. Анын ичинен 122 өрт учуру көзөмөлгө алынды. Бирок Манавгат, Мармарис жана Бодрум сыяктуу аймактарда өрт өчүрүү иштери азыркы күнгө чейин уланууда. Кырсыктын натыйжасында 8 киши каза болуп, жүздөгөн адамдар жабыр тартышкан.

Өрттөн жабыр тарткандардын саны боюнча эң эле чоң зыянга АКШнын батыш аймагы менен Австралия учураган.

2020-жылдын башында Австралиянын Кобарго кыштагына жетип барган өрт бир нече сааттын ичинде эле аймактагы турак-жайларды кыйратып жок кылган. Өрт жалмап кеткен бул аймак бүгүнкү күндө “Австралиянын кара жайынын” символуна айланып калды.

Австралияда бир нече күнгө созулган өрттө 34 киши каза болгон жана 3 миллиарддай жан-жаныбар өлүп жок болгон. Андан тышкары 186 миң чарчы метр аймак күйүп күлгө айланган.

Жай айларында токойлордо өрт чыгышы табигый көрүнүш катары кабыл алынса да мындай кырсыктар дүйнө жүзү боюнча мурдагыга караганда көбүрөөк, кеңири жана тез-тез каттала баштады.

Айрыкча жай мезгилинде өрт чыкса, саратандагы кургакчылыктан жана анда-санда соккон шамалдын натыйжасында өрт тез эле жайылып кетүүдө.

Өрт өтө тездик менен жайылганда, аны көзөмөлгө алып токтотуу жана турак-жайлар менен башка мал-мүлктөрдү сактап калуу үчүн өрт өчүрүүчүлөр дээрлик эч нерсе деле кыла албай калышат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости