www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Кытай бул жылы дүйнө жүзүнө COVID-19га каршы 2 миллиард вакцинасын берүүгө жана 100 миллион АКШ долларын COVAX алкагында вакцина өндүрүүгө бөлөт", деп билдирди КЭРдин төрагасы Си Цзиньпин. Бул тууралуу «NazarNews» маалымат агенттигине Кытайдын «CCTV plus» басылмасы билдирди.

Вакцина чыгарууга бөлүнгөн 100 миллион АКШ доллары негизинен өнүгүп келе жаткан өлкөлөр арасында вакциналарды бөлүштүрүүгө жумшалат. Кытай Эл Республикасынын Төрагасынын айтымында, Кытай өнүгүп келе жаткан өлкөлөргө COVID-19 пандемиясын жеңүүгө колдон келген жардамын берүүгө даяр.

Ошондой эле Си Цзиньпин вакцина өндүрүү боюнча эл аралык форум мамлекеттердин достугун чыңалтып, муктаж болуп жаткан өлкөлөргө вакцина адилеттүү бөлүштүрүлөрүнө ишенээрин баса белгиледи.

Эске салсак, ушул жылдын май айында Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо саммитинде Си Цзиньпин COVID-19га каршы глобалдык тилектештикти колдоо боюнча беш чараны жарыялаган. Бул вакциналарды иштеп чыгуучу жана өндүргөн өлкөлөр үчүн вакциналар боюнча кызматташууга эл аралык форум түзүү, вакциналарды дүйнө жүзү боюнча адилеттүү жана тең бөлүштүрүүнү илгерилетүү үчүн компаниялар жана башка кызыкдар тараптарды колдоо.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости