www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Жолтанбастан түшүп, аудиге отур" деп, жалжаңдаган аялдарды тыйып коюшпайбы", - деди бүгүн, 6-августта NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат Надира Нарматова.
"Мындай мамиле өтө эле чектен ашкандык. Бейбаштык. Адепсиздик. Протокол деген бар. Протоколу бузушуп, аудиге отургузганга шарт түзгөн жан сакчы кайда жүрөт? Марипов теңелбейин деп, күлүп барып олтургандыр. Сый-урмат деген болуш керек. Амал, кызмат, жетекчилик аксакалдан улуу турат. "Эшигиңе келгенди ит кабар кылгандары эмнеси. Аким, губернатор каякты карап турат? "Түш машинаңдан аудиге отур" деп, жалжаңдаган аялдарды тыйып коюшпайбы. Айыл өкмөттү отургуз. Акимди отургуз .Губернаторду отургуз. Кала берсе ЖКтин депутаттарын отургуз ауди машинаңа жетелеп барып. "Бийликке жеткирбедиң, бизди укпадыңар" - деп. Ошолордун түздөн түз милдети. "Жыгачтын жумшагын курт жейт, адамдын жумшагын адам жейт" болуп мындайды бейбаштык деп коёт. Пейил бузулгандын бир көрүнүшү. Бийликти, жетекчини да сыйлап үйрөнсөк береке көп болот. 20,30 болуп топтолуп алып аңкылдай берген болбойт. Талап кылуунун жолу көп. Ушул кантип болсун. Тооба кылдым", - деди Надира Нарматова.
Булак: NazarNews.kg