www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орхан Инандынын колуна операция жасалды

«Сапат» билим берүү мекемелеринин президенти Орхан Инанды Түркияда түрмөнүн ооруканасында колунан операция болду. Бул тууралуу айрым маалыматта булактары жактоочусу Халил Ибрагим Йылмаз таянып жазып чыгышты. 

Анын айтымында, Инандынын колун аны уурдоо учурунда сындырышкан. Операциядан кийин колу калыбына келип жатат.

Эскерте кетсек, Орхан Инандыны 31-майдан 1-июнга караган түнү белгисиз адамдар уурдап кеткен. Ал бир айдан ашык убакыттан бери дайынсыз болуп жаткан. 5-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайип Эрдоган алардын чалгын кызматы Орхан Инандыны кармап, Түркияга алып келгенин билдирген. Ага байланыштуу 6-июлда Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын элчиси Ахмет Доганга каршылык нотасын тапшырган. Президент Садыр Жапаров Кыргызстан Түркиядан Орхан Инандыны кайтарып беришин талап кыларын айткан.

Инандынын айтымында, аны үч кыргызстандык уурдап, Түркияга чыгарып кетүүгө жардам берген. 

Ал Түркияда «куралдуу террордук уюмду башкарууга» айыпталууда. Адвокаттын айтымында, учурда Инандыга козголгон кылмыш иши менен таанышуу жүрүп жатат. Прокуратура аны 22 жылга чейин эркинен ажыратууну сураган. Алгачкы сот отуруму 16-cентябрга белгиленген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости