www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
УКМК Коопсуздук кеңешинин төрагасынын орун басары Таалатбек Масадыковдун журналист Майраш Базлакуновага берген интервьюсуна жооп берди.
Масадыков журналисттин суроосуна жооп берип жатып, Камчыбек Ташиевге УКМКнын ишмердүүлүгү боюнча кеңеш берүүгө даяр экенин айткан.
«УКМК бул публикага, медиага чыга турган ведомство эмес. Ички дүйнөсү, кылган иши тынч болушу керек. Коопсуздук кеңешинде да ошондой болушу кажет. Мына мен биринчи жана акыркы жолу интервью берип жатам. Анткени интервьюну дагы биздин башчылар менен кеңешип туруп, уруксат алмайынча бербеш керек. Коопсуздук тармакта тынч гана иштеш керек. Кээ бир суроолорго жооп бере турган болсоң, Президенттин аппаратындагы басма сөз кызмат аркылуу жооп бериш керек. Бардык мамлекеттерде ошондой. Кыргызстанда өзгөчөлүк болуп жатат. Демократиялуу өлкөлөрдө дагы ошондой», - деген Масадыков.
УКМКнын басма сөз кызматы анын сынына жооп берди.
«Бүгүнкү күндө бийлик органдарына масс-медиа менен иштөө абдан керек. Анын ичинде УКМКга да зарыл, себеби бул коомчулукту элдин кызыкчылыгы үчүн жасалып жаткан иштер жөнүндө маалымдап туруу үчүн жеткиликтүү метод. Ушуга байланыштуу УКМК Масадыков берген кеңештерге муктаж эмес.
УКМК аткаруу бийлигинин маанилүү органы болуп саналат жана зарыл болгон учурда кеңеш берүүгө конституциялык укугу бар компетенттүү адамдардын сунуштарын пайдаланат», - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле УКМК Масадыковго өзүнүн кызматындагы ыйгарым укуктарын карап чыгууну сунуштады.
Булак: NazarNews.kg