www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүнкү күнү, коомчулуктагы эң маанилүү маселе Кумтөрдүн тегерегиндеги талаш-тартыш жалпы жумурай журттун чордонуна айланды. Билгенибиз да билбегенибиз да ортого ар кандай ойлорубузду, көбүнчө атайын таратылган ушак-айыңдарды таратып, талашып турабыз. Эми бул дагы болсо замандын демек элдин деңгээлин аныктаган күзгүсү...
Мен, мындан үч жыл мурун “УНАИС” аттуу даректүү далилдүү, данектүү үчилтик китептерди жазып, жарыкка чыккан. Анын тегерегинде далай талаш-тартыштар болгон. Атүгүл, ал китептен үзүндүлөр “Азия НЬЮС” – гезитинде сандан-санга жарыяланып турган. Мага асылгандар абдан көп болушкан. Себеби...
Себеби, алар чыныгы чыркыраган Чындыктан алыс болушкан. Маселен, “Кумтөрдүн” башында, чырында ким тургандарын билишкен эмес. Эл аралык деңгээлдеги «мошенник мафиози», ашынган аферист Борис Бирштейнди ким Акаевке таңуулап жатып алып келгенин карапайым калың калк билген эмес. Билгилери да келбеген. Тилекке каршы, Насирдин Исановду кимдер, эмне себептен өлтүрүшкөндөрүн да эч ким билген эмес, кызыгышкан да жок...
Эмесе, Бирштейнди Кыргызстанга биздин айга-күнгө теңеген Чыңгыз Айтматов кичүү уулу Санжарбек Чыңгызович экөө Акаевке таңуулап, мактап-жактап жатып алып келишкен. Азыр дагы Санжарбек Бельгияда Бирштейндин жанында Кумтөрдүн алтындарын тейлеп бирге иштешет. Бул жагын, мен эки жыл аралыгында, журналистик иликтөө жүргүзүп жатып, далилдеп, Москвадан Аскар Акаевке, Брюссельден Чыңгыз Айтматовко, Санкт-Петербургдан Николай Танаевке жолугуп жүрүп, алардын ооздорунан тактап талдап, тастыктап туруп жазгамын...
Азыркы учурда, Москвада жатып алып, актанып жаткан Акаев менен анын жашаган жерине барып, бир жума бою жүрүп, иликтеп-изилдеп далилдерди чогултканмын. Ошол кезде Борис Ельцин каза болгон учур болчу.
Кыскасы, Акаевдин айтуусу бойунча Бирштейнди Бишкеке кат жазып, телефон чалып жатып Чыңгыз Айтматов алып келген – деп айткандары анык. Ал эми...
Ал эми, Насирдин Исановду да өлтүргөндөр кимдер? Башында Айтматовтун уулу Санжарбек Чыңгызович, албетте атасы Чыңгыз жана Аскар Акаев турушкан. Себеби, Исанов Кумтөр бойунча алдым-жуттум Контракт Келишимге караманча каршы болуп, кол койуудан баш тарткан. Анын артынан сайа түшүп, күндүр-түндүр үйүнө чейин барып Санжарбек Чыңгызович жүргөн. Атүгүл, Насирдин түштөнүүгө үйүнө барганда да, эшигинин алдында күтүп турчу. Бул жөнүндө менин китептеримде ийне-жибине чейин иликтенип изилденип жазылган. Керек болсо, саатына чейин.
Ошондуктан, Кочкор-Ата аймагынын Момбеков айылында жол кырсыгынан өлтүрүлгөн Исановду биринчи Ошко алып кетишип, анан Бишкеке жеткирилип, эртеси эле шашылыш түрдө жерге жашырышкан. Керек болсо кылмыш иши да козголбогон. Ал өлтүрүлгөн саатта жанында Бирштейн сакчысы менен жана Санжарбек алты-жети жөөттөр менен бирге унаалар менен узатышып жүрүшкөн. Исанов көз жумары менен жолго даярданып чыккан Борис Иосифовичтин командасы Өзбекстанга жөнөшүп, ал жактан алдын-ала алынган билеттер аркалуу сыртка учуп кетишкен. Ошондон кийин Бирштейн менен Санжарбек Кыргызстанга кайрылбай, сырттан команда берип иштеп, Кумтөрдү башкарып турушат...
Андыктан, азыр эл аралык деңгээлдеги уюшулган мафия менен күрөш абдан татаал жана оор, узакка созулат. Биз, кандай болгон кезде да Садыр Жапаров менен Акылбек Жапаров жана Теңиз Бөлтүрүковду колдоп кана тим болбостон, алардын өмүрүн сактап калуубуз зарыл. Кудайымдын боору оруп, кыргызды колдоп турган чакта, жалпыбыз ашынган ач көз ажыдаарлар менен күрөшүп, жеңиш үчүн эмне кылуубуз керек? Жалпыбыз Садыр Жапаровтун тегерегинде биригип, Кыргызстаныбызды жар четинен кулатып жок кылдырбай, сактап калуубуз зарыл. Экинчи жолу мындай ыңгайлуу шарт эч келбейт. Ушул тарыхый жагдайды бөлүнүп-жарылбай пайдаланып калбасак, анда бизди болочок муун эч кечирбейт. Баарынан жаманы, бизди ачык – айкын тоноп келген жөөттөрдөн да мурун, аларга сатылып, арамдардын камчысын чапкан биздин саткын жемкор арзымат бийликтин бутактарында. Алардын арасында мурунку ажолор, өкмөт башчылар, депутат эмес жепжутарлар жана башкалары турушат кубулу-кууланып. Алар баарынан опурталдуу.
Андыктан, Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиевти көзүбүздүн карегиндей сактап, аман-эсен элибиздин келечеги үчүн иштетип алалык, кадырлуу Калайык Калк! Бизде башка жол жок! Келгиле намысыбызды ойготуп биригип, чырмашкан душмандарды биримдикте жеңелик!
Мелис Арып-Бек – көз карандысыз журналист, публицист...
Булак: NazarNews.kg