www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 3-мартта парламенттин жалпы жыйынында Баш мыйзамдын долбоору каралып, референдум дайындоо маселеси күн тартибине киргизилди.
Жыйында Жогорку Кеңештин депутаты Айгерим Бешимбаева Конституциянын жаңы долбоору жана референдум дайындоо жөнүндө мыйзам долбооруна автор эмес экенин айтып, колтамгасын чакыртып алды.
Анын айтымында, анын долбоорго эч кандай катышы жок.
«Мен кат түрүндө да жазгам. Мен демилгечи эмесмин, тизмеден алып коюңуздар. Долбоорго тиешем жок. Талкууга да катышкан эмесмин», - деп билдирди.
Белгилей кетсек, бир катар депутаттар Баш мыйзамдын жаңы долбоорунун автору деп айтылган 80ден ашуун депутаттын аты-жөнүн ачыкка чыгарууну талап кылышты.
Мыйзам долбоору боюнча баяндама жасаган депутат Бактыбек Турусбеков авторлордун бири өзү экенин, бирок башкалар тууралуу маалымат бере албастыгын маалымдады. Парламенттик аппараттын техникалык кызматкерлери авторлор тууралуу маалыматты кагаз жүзүндө таратаарын кошумчалады.
Булак: NazarNews.kg