www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Майкрософттун негиздөөчүсү Билл Гейтс байлыгынын дээрлик бардыгын мурдагы жубайы Мелинда менен биргеликте түзгөн кайрымдуулук фондуна берерин билдирди.

«Байлыгымдын дээрлик баарын фондго берүүнү пландап жатам. Мен ылдый түшүп, акыры дүйнөдөгү эң бай адамдардын тизмесинен чыгам», - деп жазды Гейтс Твиттерде.

Майкрософттун негиздөөчүсү акыркы жылда дүйнө бир нече коркунучтуу соккуларды башынан өткөргөнүн жазган, анын ичинде коронавирустук пандемия жана Украинадагы согуш, көптөгөн адамдарды үмүтсүздүккө салып, дүйнө мындан да начарлап кетиши мүмкүнбү деген ойдо.

«Бирок мен оптимисттик бойдон кала берем», - деди Гейтс.

Ал келтирилген зыянды азайтып, дүйнө жетишкен прогресске кайтууга болот деп ишенерин кошумчалады.

Гейтс 2000-жылы жубайы менен кайрымдуулукка жылына 6 миллиард доллар бөлгөн фонд түзгөнүн эске салды. Анткен менен, «Доордун улуу кризистери баарынан да көптү талап кылат», - деп жазган Гейтс.

Ошондуктан фондго жыл сайын 9 миллиард доллар бөлүнөрүн жар салды. Бул үчүн Microsoftтун негиздөөчүсү фондго 20 миллиард доллар берген.

«Мен коомго азап-кайгыларды азайтууга жана жашоону жакшыртууга эң чоң таасир этүүчү жолдор менен кайтарып берүүгө умтулам. Мен абдан бай жана артыкчылыктуу кызматтарда турган башка адамдар да ушул учурда алдыга кадам таштайт деп үмүттөнөм», - деди Гейтс.

Гейтс белгилегендей, фонд Билл менен Мелинда Гейтстердин ысымдарын алып жүргөнү менен анын каражатынын жарымын инвестор Уоррен Баффет берген.

«Мен анын достугун жана лидерлигин канчалык баалай турганымды эч качан жетиштүү түрдө айта албайм», -  деп жазган Гейтс.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости