www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Америкада да кыргыз

Тышкы миграциянын айынан оокат кылуунун жаңы түйшүгү менен, жер оодарып кеткендер арбын. Булардын биринчи мууну кыргыз бойдон калары бышык, эгер Ата-Мекенине кайрылып келбесе, экинчи мууну чала кыргыз стадиясына жетери да күмөн эмес. Алар канчалык кылганы менен өз эне тили болгон кыргыз тилинин келечегине баа бере албай калышат. Ал эми үчүнчү, төртүнчү муун жана андай кийинки муундар толук унутушу ыктымал кыргыз экенин. Эми ал муундарга жете элекпиз, бирок экинчи муун өсүп келатат. Еврейлердин артыкчылыгы канча муун алыста болсо да өз иврит тилин унутушпайт. Биз болсо саксаңдап эки-үч муун өткөн соң өз эне тилибизди унутуп чыга беребиз.

Биз сөз кыла турган адам «Кыргыз, Америкада да кыргыз» -деген сөздү бекем принцип тутуп келатат. Америкада кыргыздардын үчүнчү мууну кыргыз тилин унутуп англис тилине (америкалык тилге) басым жасап жаткан учурда, аларды терең уктап жаткан уйкусунан ойготуп, биз кыргызбыз деп улуттук сезимдерине суу сээп келе жаткан жигиттерибиз бар экенине сыймыктанышыбыз керек. Бекзат Молдобаев төрөлүп алып эле Америкада чуркап кеткен жок. Бекзат Бекболот Талгарбеков менен Мухаммедкалый Абулгазиевди берген Кочкордун Дөң-Алыш айылында «дөңгөлөнүп» чоңойду. Анын атасы Корчубек Акназаров каякка жумшаса партиянын «солдаты» катары даяр турган Токтосун Молдобаев кочкордун  бычакка саптуу, көзгө көрүнүп калган агрономдорунан эле. Ошондуктан, Туткабай деген «Комсомол» совхозун мурунтуктап жүргөн белдүү «раистин» суранычы боюнча ушул совхозго Башкы агроном болуп барган. Ал кезде Корчубек Акназаров бир гана ишти ойлоп, анын мындай табияттан берген жөндөмдүүлүгүн Кыргызстан КП БКнын биринчи секретары Турдакун Усубалиев терең баамдап, иштегенин иштеген, тиштегенин тиштеген Кадыракун Базарбаевдин ордуна туулган жери Кочкорго жөнөткөн. Базарбаев иштегенин алдына киши салчу эмес, бирок сыйды да унуткан эмес, Муктасын өңдүү сыйды уюштуруучуларга басым жасап жүргөнү анын Кочкордон кетүүсүнө балта чапты. Анткени, ыраматылык Базарбаев айдоонун жээгинде оттоп жүрүшкөн семиз койлорду сойдуруп салат. Көрсө, бул бул койлор жөн кишиники эмес экен Турдакундун атасы Усубалыныкы экен. Түнү боюу ар кимден семиз кой издеп буларды ордуна тургузат. Ошол мезгилдеги бир окуяны кыпчый кетейин. Карышкыр дегендин өз оозунан уккам. Бир жолу Усубалиев чакыртып алып жалаң күмүштөн жабдылган күлүктү Шамшынын белин ашып, Усубалы аксакалга жеткизип бер дептир. Эртеси таң атпай чыгып түшкө жетпей эле Кочкорго жетип келиптир. Усубалы уулу менен чатакташып жүрсө керек. Чай-чуйун ичкен соң күлүктү бир сыйра карап: «Эшек минип «хы-хылап» мен деле өтөм дүйнөдөн. «Чайка» минип чалкалап, ал деле өтөт дүйнөдөн» -деп албай коюптур. Кайра Бишкекке келип Усубалиевке күлүктү албай койду, эмне кылабыз десем. «Ошону сен ал»  деп бир күлүктү болгом деп калчу.

Базарбаев Усубалы аксакалдын койлоруна жем-чөп алып келип багып жүргөн «Теңдик» совхозунун директору Кулубек Мөкүшовду төпөштөп койот. Дөң-Ташты жерге айлантуу идеясы Базарбаевдики болгон, бирок Акназаров ишке ашырган. Акназаровдун дагы бир кемчилиги чоңдордун алдында жалтаң болгон. Нарын обкому оштук Матен Сыдыков Кочкорго келгенде эле бир кемчилигин таап коркутуп-үркүтүп турган. Акназаров бүжүрөп отуруп берчү. Кочкордун айыл чарбасын тейлеген Сыдыков деген бар экен. Бир ирет Жумгалга семинар өткөзгөнү баратышып Чолпон айылынынан уй баккан жерде токтоп калышат. Матен Сыдыков түшүп өкүрүп -бакырып жемелеп атат дейт, уйга тоютту кандай берерди үйрөтүп, тиги кургур «эмне плов кылып басып берелиби» деди дейт, ошол бойдон Жумгалга барбай эле кайрадан тартып, тиги шордуунун шорпосун ичти дейт. «Плов», аш деген оштуктарга тийишүү деп сезиптир Матакең...

Буларды жазганым себеби, Токтосун Молдобаев ушундай учурларда, ушундай адамдар менен иштешип келген.  Бекзат Молдобаевдин апасы Бекболот Талгарбековго сабак бербей калса да, Абылгазиевге сабак берип калган мектептин биология мугалими болгон. Кийин көч Нарынды көздөй уланды. Нарындан соң Кочкорго келип Бекзат Акылбек Жапаров окуган мектептен окуп калат. Мектепти аяктаар менен милиция академиясына кирип, ийгиликтүү аяктайт. Милициялык кызматын Академиядан баштап, Орусия Федерациясында окуусун улантат, өзүнүн жеке күжүрмөндүүлүгү менен милициянын подполковниги наамына жетерде Бекзат Молдобаевдин башына жаңы идеялар пайда болот да, Орусия Федерациясына кол шилтеп, ишин Кошмо Штаттардан баштамай болот. Мына көптөгөн жылдар Бекзат Молдобаев  АКШнын Нью-Йорк, Чикаго шаарларында эмгектенип келе жатат. Анын идеяларынын маңызы кыргыз боз үйү аркылуу кыргыз кереметтерин Кошмо Штаттарга жайылтуу. Кыргыз элинде калыпка жаңыдан түшүп келаткан кыргыздын улуттук оюндары менен америкалыктарды тааныштыруу. Америкада Бекзат жалгыз эмес, үй-бүлөсүнөн тышкары Канат аттуу зыңкыйган иниси бар. Ал Кыргызстандын банк тармагында иштеп эл оозуна алынып бараткан. Эмнегедир уктаса түшүнөн, ойгоо болсо оюунан кетпеген АКШ аны да магниттей тартып ал да океандын ал тарабы көздөй сызып кете берген. Океандын ал тарабында учурунда билим жагынан япондорду таң калтырган Ажар бар, турмуштун туткасын океандын ал тарабынан тапкан Турат бар.

Бекзат Молдобаевдин бир туугандарына келсек, Азат деген агасы мединститутту бүтүрүп, Бишкекте ишин улантып жатат, Акак деген эжеси англис тилинен мугалим. «үйдүн көкүрөк күчүгү «үйдүн ээси Мытыран, койдун ээси Мытыран, короонун ээси Мытыран, үйдөгү машинанын ээси Мытыран» Самат. Бекер жерден Кочкордо «Большевикти» же азыркыча Исакеевди «кичи Израиль» деп айтышпайт. Исакеевдин калкы дүйнөнү титиретип турганы чын.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

    

Последние новости