www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

 Эл "капсула эле саласыңар, качан лента кесесиңер?" деп сындап жатат. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров министрлер кабинетинин жыйынында билдирди.

Өлкө башчы энергетика министри Доскул Бекмурзаев жасаган иштери тууралуу отчёт бергенден кийин суроо узатты.

"Капсула эле саласыңар, лентасын качан кесесиңер" деген сындар болууда. Ошон үчүн так датасын айтып коюңузчу, Бала-Саруу ГЭСин качан куруп бүтөсүз?" — деди Жапаров.

Министр быйыл 22-декабрда биринчи агрегаты ишке кирерин, калган эки агрегаты 2023-жылдын 1-апрелинде бүтөрүн билдирди.

Таластагы Киров суу сактагычына курулуп жаткан Бала-Саруу ГЭСине президент былтыр 29-августта капсула салган. Анын кубаттуулугу 25 мегаватты, жалпы электр энергиясын өндүрүү кубаты 92 миллион кВт/саатты түзөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости