www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Негизи Аскар Салымбеков медицина тармагына тийешеси жок. Бул базардан көтөрүлгөн да. Шыгы бар экен, бизнесин көп тармактуу багытта алып келе жатат. Салыгын жашырбаса иштей берсин, жумушчу орундарды түзгөн сайын кирешеси көбөйөт эмеспи.

Бирок, бир түшүнүксүз жагдайга токтолу. Өзү Салымбеков университетин ачып, медицина кызматкерлерин даярдоого батыл киришкен. Учурда студенттерди кабыл алуу үчүн кооз маанайда жарнама жасатып, жаштарды азгырууда. Окуу жайда кандай билим берет, профессионал кадрларды даярдоо жагынан деңгээлдери талапка ылайыкпы? Бул жагынан суроолор арбын.

Элдин саламаттыгын сактоо, дарылоо тамаша эмес да. Башкасы бүтүп, эми ушул ден-соолукту да бизнеске айландырганын кандайча түшүнөбүз? Эгерде университет ачкысы келсе, өмүргө коркунучу тийбеген, бизнес, спорт, өнөр ж.б. өңүтүнөн кадрларды даярдоого багыт албайт беле?

Таң каласын. Интеллигенция, агартуу тармагындагылар Салымбеков университети боюнча талкуулашып, анчейин жактырбай жатышканы кандай? Баары бүтүп, эми адам өмүрүнө коркунуч жаратуу менен «базарчылыгын» өркүндөтөбү? Үшкүрөсүң да...

Булак: Азия News гезити

Последние новости