www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Беларустун президенти Александр Лукашенко "ооруп жатат" маалымат боюнча үн катты. Ал "3 күндө айыга турчу" аденовирус менен ооруганын айтты (КРВИ тобуна кирет). Бул тууралуу "Пул Первого" Telegram каналы билдирди.

"Эгерде кимдир бирөө мени өлөт деп ойлосо, тынчтангыла. Бул жөн гана аденовирус", - деди Лукашенко Беларустагы саламаттыкты сактоонун актуалдуу маселелери боюнча жыйында.

Ал Москва, Гродно, Гомель шаарларына сапарлары пландалгандыктан, дарыланууга мүмкүнчүлүгү болбогонун тактады. "Мен өлбөйм. Сиздер дагы көпкө чейин мени менен азап тартасыздар", - деди Беларусь лидери.

Эскерте кетсек, Александр Лукашенко ооруп жатат деген маалымат 9-майда Жеңиш парады үчүн Москвага барганда тараган. Беларусь президенти КМШ өлкөлөрүнүн башка лидерлери менен бирге Кремлден Александр бакчасына чейин жөө баспай, электромобил менен барган. Ал ошондой эле Россиянын борборунан салтанаттуу иш-чараларга чакырылган башка мамлекет башчыларына караганда мекенине эрте кеткен.

Ошол эле күнү Минскиде Лукашенко салтка айланган Жеңиш күнүнө карата сөз сүйлөбөй, анын ордуна коргоо министри Виктор Хренин эл алдына чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости