www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнѳ жүзү даанышман жазуучуну эскерүүдѳ.
Жалпы адамзатынын турмушунун бактылуу жана коопсуз болушу үчүн гениалдуу ойлорду айтып, планеттик маселелерди козгоп, ааламдашуу жараяны менен кошо ай-ааламга толуп калдайып жылып келаткан коркунучтун алдын алып, анын апааттарынан сак болуу жөнүндө тынымсыз эскертип коңгуроо кагып келген улуу инсан, корифей, даанышман жазуучу агабыз Чыңгыз Айтматовдун дүйнө салып кеткенине (2008-жыл,10-июнь) быйыл туура он эки жылдын жүзү болду.
Ал эми 2020-жылдын 12-декабрында улуу жазуучунун туулган күнүнѳ 92 жыл толду. Республикабыздын борборунда, театрларда, кинозалдарда, китепканаларда, айыл аймактарында бул окуяга байланыштуу ар түркүн эскерүү иш чаралары ѳткѳрүлүп жатат. Улуттук опера жана балет театрында Чыңгыз Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романы боюнча даярдалган спектакль кѳрсѳтүлдү. Китеп кѳргѳзмѳлѳрү уюштурулду. Адамзатын эмне күтүп турганын алдын ала боолгоп билип, келечекти алдын ала даана айта билген феномен жана кеменгер жазуучуну ушу кезде дүйнѳ жүзү эстеп, эскерип турат.
Ааламда Чыңгыз Айтматовдун гениалдуулугу, кадыр-баркы, зоболосу убакыт өткөн сайын бийиктеп, көк теңирлик чегине чыгып, феномендик касиетинин улам жаңы жактары ачылып, аныкталып, гений жөнүндө аңыз кеп мезгил жалында ого бетер күргүштөй жүрүп дүйнө жүзү боюнча даңазасы арта бермекчи. Айтматовдук даанышмандык бүткүл адамзатына таберик болуп, ажаат ачып турган таңгаларлык феномени менен ооматы артып, зоболосу ого бетер көтөрүлүп, убакыт менен тең жарышып жер жүзүнө өзүнүн керемет жарыгын чачырата берет. Айтматовдук даңк эчак эле космоско шаңшып чыгып, өзүн өзү көкөлөтүп, орошон ойлуу керемети күч кудуреттүү чыгармалары менен аалам төрүндө айбарланып, кылым кыйырларын таң калтырып чабыт салып шаңшып тура бермек.
Жараткан менен сырдашып, жер планетасы менен космостун ортосундагы теңирдин купуя элчисиндей болуп, көкөлөп өскөн цивилизациясы менен катар ар кандай капсалаңы үрөй учуруп турган заманда көк теңирден келген пайгамбардай даанышмандык менен бүткүл адамзаттык көйгөйдү козгоп, ар кандай опуртал коркунучтардан планетабыздын, жер энебиздин келечегин коргоп калууга бүткүл акыл эстүү адамзатын чакырып, кудай берген таланты, чыгармачылык кудурети менен ай-ааламды таң калтырып, бүткүл адамзатынын урмат-сыйына ээ болуп келген Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдык мааракеси дүйнѳлүк деңгээлде белгиленгени эсибизде. Ага бир эсе сыймыктансак, экинчи жагы Чыңгыз агабыздан айрылып калганыбызга бир жак капшытыбыз эңшерилип, жүрѳгүбүз зыркырап, сай-сѳѳгүбүз сыздап турат.
Планеттик залкар жазуучу, дүйнөлүк коомдук ишмер жана лидер, чыгаан философ жана дипломатиянын көрөңгөсүн арттырып, доор талабына шайкеш келтирип, кадырын ого бетер көкөлөтүп анын туу чокусуна чыгып ааламга жаркып чыккан кеменгер элчи Чыңгыз Айтматовду көптөгөн замандаштары, акындар менен жазуучулар, окумуштуулар менен илимпоздор, философтор менен тарыхчылар, мамлекеттик жана коомдук ишмерлер, искусство жана өнөр адамдары, бир боорлору жана достору, жалпысынан эле адабиятты сүйгѳн, талантты урматтаган замандаштары баардык тараптан бийик деңгээлде эскерип жатышат.
Алар Чыңгыз Айтматовдун инсандык өзгөчөлүгүнө, чыгармачылык кудуретине, дүйнө жүзүн таң калтырган адабий мурасынын зоболосу жылдан жылга артып, улам бир жаңы кырларынын жана сырларынын ачылып келе жатканына, дүйнѳлүк адабият менен маданиятты, искусствону ѳркүндѳтүп ѳнүктүрүүгѳ кѳргѳн камкордугуна, анын Кыргызстанды дүйнөгө таанытуу менен катар жер жүзүндө тынчтыкты сактоого кошкон салымына, саясатчы жана элчи катары сиңирген эмгегине, кыргыз киносун өнүктүрүүгө жана эл аралык аренага алып чыгууга кошкон үлүшүнѳ, жалпысынан эле улуу жазуучунун кут даарыган өмүр жолуна байланышкан көптөгөн маселелерге ар тарабынан кенен жана терең токтолуп, өз ой-пикирлерин кеңири жарыялап, залкар таланттын зоболосун кѳтѳрүшүүдѳ.
Кѳптѳгѳн замандаштары дүйнө элинин урматына ээ болуп аалам кезип кеткен улуу жазуучунун чыгармаларынын чабыты, анын турмушубуздагы орду, кыргыз элин дүйнөгө таанытып, улут сыймыгын арттырган эрдиги, анын адабиятка гана эмес бүтүндөй искусство менен маданиятка, жалпысынан эле адамзатынын турмушуна тийгизип турган өзгөчө кудуреттүү таасири, Чыңгыз Айтматов дүйнө салган мезгилден бери сый-сыяпат иретинде аткарылып жаткан иштер, өкүт бойдон калып келаткан кемелтени толтуруу үчүн алдыда турган милдеттер, гениалдуу таланттын турмушунун жана чыгармачылыгынын белгилүү жана белгисиз жактары, аларды коомчулукка жеткирүү өңүтүндө ар тараптан маңыздуу кеп козгошууда.
Эскерүү иш чараларында улуу жазуучунун дүйнө адабияты менен маданият айдыңында ээлеп турган орду, кыргыз элине тийгизип турган таасири жөнүндө, ааламдык кадыр-баркка ээ болгон Чыңгыз Айтматовго көзү өткөндөн кийин туулган мекенинде кандай сый- урмат көрсөтүп жатабыз, эмнелерге үлгүрдүк, кандай көкөй кести көйгөйлөр бар, өзгөчө маанилүү кандай иштерди аткара албай кечиктирип келебиз деген маселелер кабыргасынан коюлууда. Дүйнөлүк адабият менен маданиятты өнүктүрүүгө, улуттук нарк-нуска, көрөңгө дөөлөттөрүбүздү сактоого, күтүп алууга, байманасын арттырууга, Манасты үйрөнүүгө, кудуреттүү бул рух дүйнөгө таштаган чакырыгы, дүйнөдө тынчтыкты бекемдөө аракеттерине кошкон салымы, ушул багытта жүргүзүп келген эл аралык бийик деңгээлдеги ишмердүүлүгүнүн өзү эле не деген эрдик!
Дүйнө жүзүндө Чынгыз Айтматовдун генийин кадырлап-барктап, материктин ар кайсы континенттеринде өткөрүлүп жаткан эбегейсиз сый- урмат көрүү иштеринин бийик чабыты Айтматовдун даанышмандыгын ого бетер көкөлөтө берет. Даанышман жазуучунун ааламдык кадыр- баркынын канчалык чоң экени көзү өткөндөн кийин мурдагыдан да дааналанып ачык көрүнө баштады. «Улуулардын өмүрү дүйнө салар замат кайра башталат» деп илгерки ойчул Жан Люсьен Арреа айткандай Чыңгыз Айтматовдун чыгармачыл жаркын сапары менен коштолгон экинчи өмүрү ак жарыгын балбылдатып аалам кезип баратат.
Чарк айланып зыпылдаган мезгилдин учкулдугун караңыз. Ар түркүн шоокумдары менен айбарланып, эсепсиз кубулуштарга толуп бир чети таң калтырса, экинчи жагынан опуртал капсалаңдары менен жүрөктүн үшүн алып турган чексиз мейкинде Чыңгыз Айтматовдун ак жылдызы дүйнө стихиясынын бүткүл табияты менен купуя сырларынын жандырмагын жандырып жаткансып Жараткандын сүймөнчүлүгүнө ээ болуп, ааламдын төрүнөн Көк Теңирден балбылдай жанып адамзатына мээримин салып, жер жүзүнө жакшылыгын чачып турган кереметтин бириби деп ойлойм. Чыны ушундай эле.
Кеменгер калемгердин көк теңир менен боорлошкон дүйнөсү айлампада сыбызгып, турмуш атпайды сүрөп аалам менен киндиктеш болуп турат. Жазуучунун феномени ушундай. Анын корифей, гений дегенден да бийик турган өзгөчө касиети бар. Генийге генийдей мамиле кылуу үчүн да ошондой бийиктик керек.
Дүйнө жүзүн таңыркаткан генийдин дүйнөлүк адабиятты, маданиятты, исскусствону, кинону өнүктүрүүгө, улуттук нарк, нуска дөөлөттөрүбүздү кадырлоого, океандай Манас дүйнөсүн үйрөнүүгө чакырык таштаганына, планетабызда тынчтык орношуна, ал эмес космостун бейпил болушун, анын маанисин айтып турганына, мамлекеттик жана эл аралык ишмердүүлүгүнө тан берип, анын кут конгон жан дүйнөсү менен чыгармачыл феномен касиети жөнүндө ой толгойм. Чыңгыз Айтматовдун руху жер планетасынын алкагынан чыгып, космос мейкинин кезип, жылдыздар дүйнөсүн аралап кетти.
Даанышман жазуучунун планетабызда тынчтыкты сактоо боюнча жүргүзгөн иш аракеттери, мамлекеттер арасындагы элчилик касиети, цивилизациянын кыл чокусуна жетүү менен катар анын опурталдуу жактарынан сак болуу жөнүндө алдын ала даанышмандык менен эскертип, аларды чыгармаларында чагылдырып бергендигинин өзү эле не деген олуялык, эмне деген эрдик! Жер планетасы эмнеге муктаж экенин, анын жыргалы менен кууралы эмнеде экендигин, адамзатынын мындан ары да бакыбаттанып тукум улай бериши, жалпысынан эле дүйнө турмушту сактап калуу үчүн эмне керектигин, анын жол–жоболорунан тартып, адам баласынын алдында турган эң орчундуу вазыйпаларынан бери космоско чыгып туруп так-таамай айтып койду. Ал эми эл аралык Нобель комитети мамлекеттер аралык жана тынчтык үчүн чаалыкпас күрөшүүчү, кеменгер идеялардын куттуу башатын ачып берген дүйнөлүк ишмер Чыңгыз Айтматовго Нобель сыйлыгын бергенге ушу кезге чейин шаасы жетпей келе жатат.
Чыңгыз Айтматовдун ишмердүүлүгүнө салыштырмалуу Нобель сыйлыгы дегениң бери жакта эле шоона эшпей кала турган оокат. Ал дагы ар тарабынан өлчөлүп, бычылып, кандайдыр бир кызыкчылыктардын шилендисиндеги болумсуз мүдөөлөрү менен колко сыяктуу берилип турган сыйлык окшойт. Чындыгында Чыңгыз Айтматовдун адамзатына сиңирген эмгеги бул сыйлыктын шарпасынан алда канча жогору жана аска зоодой болуп заңкайып бийик. Бүтүндөй жер жүзүнүн кызыкчылыктарын жана таламдарын коргоп тургандыгы менен андан бийик турат. Айтматовдун даңазасы эбак эле аалам кезип, космоско чыгып кеткен, адамзаттык жана көк теңирлик сыйлыгын, бийик баасын алып койгон деген ой өзү эле каалгый сүзүп келет.
…Адамдын жан дүйнөсү өзү эле көк теңирлик ойлорду кабылдап турат. Адам баласынын эзелтен эле космос менен байланышы ушундан го деп ойлойм. Адамзатынын космоско чыккысы келип турганы өзүнүн ошол жактан келгенин айгинелеп турбайбы. Адам табиятынын өзү да ушуну ырастайт. Адам баласы да утуру кайдан келгенин аңдап сезип, таанып келатат. Жараткандын жер жүзүндөгү турмушка назар салып, пенделерин пейлине жараша таразага салып каалаганындай калчап, асман жер ортосундагы көпүрөсүнөн ары бери өткөрүп жиберип турганы ушундан болсо керек. Ошондон улам адам баласы пейилин оңосо эле калганы жакшырып, түбөлүгү түз болот тура деген ой келет экен.
Чынында эле Алла Таала өзүнүн мыйзамы менен эскертип, алдын ала аян кылып, кайсы бир учурда кыяматтын каарын көрсөтүп, сестендирип, сактантып, көктөн ыроолонгон турмуштун кадырын билгиле деп купуя камкордугун көрүп, добулбасын тынбай кагып тургандай. Чыкемдин да кийинки кезде космос темасына сүңгүп кирип, келечек турмушубузга көк теңирлик көз менен карап олуядай кеп айтып турганы да ушул себептендир дегендей ой учугунун чубалып чыкканын көрөм…
Гениалдуу таланттын ааламдык кадыр-баркынын канчалык чоң экени көзү өткөндөн кийин мурдагыдан да дааналанып ачык көрүнө баштады. Океандай чалкып айбарланып турган Чыңгыз Айтматов дүйнөсү жөнүндө ушул айтылып жаткандардын баардыгы анын бир гана тамчысы, бир тартым гана кеп. Аны мезгил өзү ар дайым тынымсыз айтып турмак. Байыркы ойчулдардын бири Густав Флобердин: «Жазуучу не бир шумдук кереметтерди жаратып салып, бирок көрүнбөй жүргөн кудай сыңары жупуну болот» деген саптарын окуган сайын негедир Чыкемди эстейм.
Чыгармачыл адам үчүн 90 жаш, кылым кыйыры деген ѳзүнчѳ бакыбат доор, мѳмѳсү шагын ийген саябан дарактай дүпүйүп баралына чыгып толукшуп турган учуру болот. Аттиң дебеске арга жок. Чыңгыз Тѳрѳкулович мындан туура он эки жыл мурда 80 жашка чыгаар маалында каргаша чалган кесепеттүү илдеттен сакая албай эл-журту, миллиондогон окурмандары менен кош айтышып дүйнѳ салып кете берген кайгылуу учур утуру эсиме түшѳ берет.
…Кудай ѳзү кайрыган,
Чет жерден Сизди ѳз элге.
Эбегейсиз эмгеги,
Элине чексиз сиңди деп.
Бүткүл адамзатынын,
Чыңгызы болуп калды деп.
Урмат, сый кѳрүп дүйнѳдѳн,
Таң калып турар хандар да,
Падышалар да жете албас,
Керемет ѳмүр сүргүн деп.
ххх
Теңирдин түшүп мээрими,
Ак бата тартып кадырлап.
Пайгамбардай бак берип,
Кондурган Ата-Журтуңа.
Манас чыккан ѳлкѳдѳн,
Бүтүндѳй дүйнѳ жүзүнѳ,
Нуска сѳз айтып турсун деп.
Атадай эле мээрими,
Бүткүл адамзатына.
Даанышман элең ѳзгѳчѳ,
Кудурет даарып, кут коштоп…
ххх
…Дарыланам деп Чыке,
Алыстагы чет элге,
Барбай койсо не болмок.
Манастын эли бѳпѳлѳп,
Алар беле сакайтып.
Тан берер дарыгерлер да,
Илдеттен түркүн сакайтар,
Улукмандар бар эле…
Кудайдан ѳткѳн улук жок,
Жараткан берип күч кубат,
Дартты жеңип жаркылдап,
Эл аралап жүрсѳңүз,
Болбойт беле баркылдап…
…Чагылган чарт чагылды Кѳк Теңирден,
Теңир сүйгѳн талант эле.
Ак жарык нурун чачып,
Аалам кезип жүрүп кетти.
Дүйнѳдѳн гений ѳттү,
Аалам онтоп жоктоп алды.
Кѳк Теңир мээрим салган,
Адамзаттын Айтматову дүйнѳ салды…
Адамдардын кѳбү жеткен эки жүздүү ѳңдү кѳрдү жүз тайма, күн карама кубулма, пирине жакшылык кылбаган, жардамы тийип калса анысын колко кылган, жеткен кара мүртѳз жан кечти, кээ бирлери ѳткѳнүн унутуп эл-жерин сатып, дагы бирѳѳлѳрү бир боорлорун, ал турсун ата-энесин аябаган маңкуртка айланып каларын ойлосоң бүткѳн боюң дүркүрѳп тѳбѳ чачың тик турат. Бул теманы, пендечилик кыяматтарын дүйнѳ жүзү талантын урматтаган калемгер жерине жеткире жазып кетпедиби. Ѳзү да бала кезинен пендечиликтин кѳптѳгѳн азаптарын башынан ѳткѳргѳнүн тагдыры айтып турат. Ошого окшогон турмуш оорчулуктарын, ар кандай коогалуу капсалаң сынактарын жаштайынан чыдамкайлык менен жеңип келген дүйнѳлүк залкар чыгармачылыгынын башатында «Жамийла» повестине байланыштуу аесуз сынга алынганын…
Андан кѳп ѳтпѳй улуу жазуучу Мухтар Ауэзовдун жылуу пикиринен, ага удаа эле дүйнѳлүк кеменгер жазуучу Луи Арагон: «Бул ѳзү махабат жѳнүндѳгү дүйнѳдѳгү эң сонун баян турбайбы», - деп бийик баа бергенден кийин Чыңгыз Айтматовдун ысымы алыстан угулуп, зоболосу кѳтѳрүлүп ооматы артып дүйнѳлүк аренага чыгып кеткенин жазуучуларыбыз жакшы билишет. Башкасын айтпайлы. Бу опосуз айлампада турмуш атпай дегениң билинип билинбеген не деген бир купуя сырларды бүткѳн боюна сиңирип алып эч нерседен кабары жоктой капарсыз мелтейип, түбѳлүк тоңдой катып бүткѳн бойду ичиркенткен суук ырайы менен жүрѳк үшүн ала күү-шаа түшүп күүлдѳп, кээде жер жүзүн силкинте ала салып кетип турганы менен иши жок, тоготпогондой тоюнбагандай түр менен беймарал гана чарк айланып, айланкѳчѳк болуп турганын карабайсыңбы.
Кѳккѳ чыгып, тереңге түшүп турмуш ачкычтарын таап турган ой күлүк болот. Ошонусу менен чексиздиктен кабар алып ѳзгѳчѳ туюмду аркалаган касиетке ээ. Ал ѳзү да айрым бир митайым пенделердин кыянатчылыгынынын айынан, адамзатынын жакшылыгын, анын бийиктиктерин кѳрѳ албаган, аны таанып билүүгѳ кудурети жетпеген, чама-чаркы чакталуу жеткен караѳзгѳй, ичине кара таруу айланбаган кынжыйган кара ниет кээ бир жырткыч пенделердин маңкуртчулугунун кесепетинен улам мерт болуп кеттиби деген ой келе берет. Гений дүйнѳ салганда санаага батып алда неден бүткѳн бой үрккѳн ойдун коркунучтуу капшабын сездим. Анткени, пенделердин кѳрѳ албастыгы, ич тардыгы, бут тосуп жулука тээп турган желмогузчулугу калбайт экен. Кѳрсѳ байыртан эле киши баласын эзели кутулгус азаптуу илдет чалып калган экен. (Адамзатынын ѳз кыяматын ѳзүнѳ чакыртып келаткан бул эң коркунучтуу дарттын дарысы алиге табыла элек.)
Ошол дарттын кордугунан адамзат ушу кезге сакая албай жан азабын тартып мертинип келет. Эң коркунучтуу бул илдеттен сакайып кетери да күмѳн санатып калды. Бул илдет пенде ѳмүрүнѳ курттай түшүп заарын чачып, уусун тѳгүп жылаандай чагып кесепети токтобой келет. Ичтардык менен кѳрѳалбастык сойлоктогон желмогудай муздак жылмакай териси чааралекей жупка окшошуп кѳрүнѳ да, кѳмүскѳ да уу чачып соймоңдоп турган ачакей тили үрѳй учурган карамүртѳз кыянатчылык деген дарт желмогуздардын эле кара башына кѳрүнсѳ кана! Жамандыгына ѳздѳрү уугуп, алыска узабай тукум курут болуп калса кана деп кан жутуп, жер муштап турду адамзат!!!
…Адамзаттын кулуну,
Космоско чыккан,
Жер шарынын элчиси,
Кеменгери кылымдын,
Генийи биздин замандын,
Кѳк Теңирге үндѳшкѳн,
Бүтдүйнѳлүк даанышман,
Талант даарып ѳзгѳчѳ,
Кудай ѳзү бак айткан,
Кеменгердей жан эле.
Жылдызы кѳктѳн жымыңдап,
Нур тѳгүп турган ааламга.
Чачырап чексиз шооласы,
Айтматовдук ак жылдыз,
Жоктоп турат карачы.
Укканына ишенбей,
Эңгирей түштү жер жүзү.
Дүйнѳ жүзү шолоктоп,
Кошок кошту карачы.
Жан бүткѳндүн бардыгы,
Сыздап турат карачы.
Суук кабарга жер шары,
Титиреп кетти карачы.
Оомал-тѳкмѳл дүйнѳнүн,
Опосузун карачы.
Шум ажалга айла жок,
Айтматовдун ѳзү жок,
Калтырып кеткен мурасы,
Бүт дүйнѳгѳ нур чачып,
Жаркып турат карачы!..
Бул ыр саптары улуу жазуучу Чыңгыз Айтматов дүйнѳ салган кезде жазылган.
Жан Люсьен аттуу философ: Улуулардын ѳмүрү дүйнѳ салар замат кайра башталат, - деп айтыптыр. Чексиз мейкинде кѳк менен жердин ортосундагы жараткандын купуя элчисиндей болуп адамзатына мындан ары да жакшылыгыңыз арта берсин. Керемет рух коштогон даңкыңыз аалам кезип, космостон шаңшый берсин, Чыңгыз ага!
Меңдибек Асылбеков
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg