www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Санкт-Петербургдун Октябрь райондук соту адам өлтүрүүгө шек саналган тарыхчы Олег Соколовду 12,5 жылга күчөтүлгөн режимдеги абакка кести. Бул тууралуу РИА Новости жазды.
Маалыматка ылайык, Санкт-Петербург университетинин мурдагы доценти Соколов өзү менен чогуу жашаган аспиранты Анастасия Ещенкону өлтүрүүгө жана мыйзамсыз курал-жарак сактоого күнөөлүү деп табылды.
Прокуратура мурдагы окумуштууну 15 жылга эркинен ажыратууну суранган. Ал эми соттук жараяндын жүрүшүндө Соколов кылмышты жарым-жартылай моюнуна алган.
Эске салсак, 2019-жылдын 7-ноябрда Олег Соколов өзүнүн батиринде аспирантын, соңку беш жылдан бери чогуу жашап жүргөн 24 жаштагы Анастасия Ещенкону өлтүрүп, жиликтеп салганы белгилүү болгон.
Ал маркумдун эки колун баштыкка салып сууга ыргытып жаткан маалда кармалган. Анын үйүн тинткенде Ещенконун денесинин дагы башка мүчөлөрү табылган.
Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.
Булак: NazarNews.kg