www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Равшанбек Сабиров видеоконференция режиминде санариптик трансформация боюнча республикалык координациялык штабдын кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу Өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Жыйында 2020-жылга карата санариптештирүү жаатында мамлекеттик, муниципалдык жана борбордук бийлик органдарынын иш-аракеттеринин жыйынтыктары, ошондой эле санариптик өнүгүү боюнча Кыргыз Республикасынын Коопсуздук Кеңешинин иш-чараларын жүзөгө ашыруу жыйынтыктары чыгарылды.

Жыйындын жүрүшүндө вице-премьер-министр «Санариптик Кыргызстан 2019-2023» санариптик трансформация концепциясын ишке ашыруу боюнча «Жол картасынын» алкагында коюлган тапшырмаларды мамлекеттик бийлик органдарынын аткаруусунун көрсөткүчтөрүн камтыган Кыргыз Республикасынын Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин отчетун укту.

«Санариптештирүү жарандардын жашоосун түп-тамырынан бери жакшы жакка өзгөртөт. Күчөтүлгөн тартипте иштөөнү уланта беришибиз керек. Белгиленген иш-чараларды аяктоо менен чектелбестен, жаңы маалыматтык технологияларды киргизүү боюнча иш алып баруу зарыл», - деди вице-премьер-министр Равшанбек Сабиров.

Вице-премьер-министр 2021-жылга интерактивдүү кызматтардын спектрин кеңейтүү, ошондой эле активдүү мамлекеттик кызматтарды, анын ичинде Көлөмдүү маалыматтар (Big Data) аналитикасын көрсөтүүнү баштоо милдетин койду.
Мындан тышкары аймактарда интернеттин ылдамдыгын жогорулатуу жана министрликтер менен ведомстволордун долбоорлоруна финансылык колдоо көрсөтүү боюнча тапшырмалар берилди.

Бул макала NazarNews басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын уруксаты менен гана мүмкүн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости