www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргыз Республикасынын коомдук телерадиоберүү корпорациясы "КТРК СПОРТ" телеканалы, "КТРК спорт AWARDS - 2020" сыйлыгы "Жылдын мыкты спорттук клубу" номинациясын "EREM" клубуна ыйгарды.

Эске сала кетсек, "EREM" спорттук клубун дүйнөлүк чемпион Шайлообек Атазов жетектейт. Аталган спорт клуб заманбап шаймандар менен жабдылган. Бул жерде күрөш, бокс, кикбоксингдин түрлөрү боюнча машыктыруулар жүргүзүлөт. Андан сырткары, фитнес, стрейтчинг, флай йога боюнча топтору бар. Кошумча, намзакана, жуунучу жайлар дагы каралган.

На изображении может находиться: 4 человека, люди улыбаются

Учурда, 7 облустан келген таланттуу жаштар машыгышат. Андан сырткары, мүмкүнчүлүгү чектелген үй бүлөлөргө жана жаштарыбызга атайын жеңилдетүүлөр каралган. 2 жыл аралыганда 10 дон ашык спорттун чеберлери даярдалып, 100дөн ашык спорт чеберчилигине талапкерлер чыккан. Клубдун эсебинен Тайланд, Корея, Монголия, Белоруссия, Финляндия, Чехия, Азербайжан сыяктуу 11 мамлекетке барып, желегибиз көтөрүлүп, гимнибиз ойнотулуп, эки спортчу 2018-2019 жылдары Чехия жана Азербайжанда дүйнө чемпиону аталган. Кошумча, Кыргызстандын курама командасынын костюмдарын дагы спорт клубтун эсебинен каржыланат.

На изображении может находиться: 8 человек, люди улыбаются

 Булак: NazarNews.kg

 

 

 

 

 

 

 

 

 

Последние новости