www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 28-февралда Жогорку Кеңештин Отун-энергетика комплекси, жер казынасын пайдалануу жана өнөр жай саясаты боюнча комитетинин жыйынында депутаттар экономика министринин биринчи орун басары Чоро Сейитовду катуу урушту.

Чиновник сурабай эле жыйындан чыгып кетип бараткан, аны комитеттин төрагасы Азизбек Турсунбаев токтотту: “Кайда барасың, бул жерде депутат сүйлөп атат, кетип баратат”, деп жини келди.

Өз кезегинде Сейитов микрофону жок эле депутатка себебин түшүндүрө баштады. Бирок Жеңишбек Токторбаев министрдин орун басарын урушуп салды.

"Биз бул жерде министрлер кабинети үчүн, эл үчүн күйүп жатабыз, а силер тамекиге кетип жатасыңар. Менин да чекким келип жатат. Сабыр кыл!" – деди жана министрдин орун басарлык кызматы боюнча маселени кароону сунуштады.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости