www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кечээ, 29-июнда парламенттин жыйынында депутат Нуржигит Кадырбеков "Улуу көчмөндөрдүн мурасы" холдингинин жетекчисинен анын кош жарандыгы боюнча комментарий берүүнү суранды.

Эл өкүлүнүн айтымында, аткаминердин жарандыгы тууралуу сөз көп.

"Ачык айтам, эл ишенбейт, баштыгыңызды жыйып кетесиз деп жатышат", - дейт Нуржигит Кадырбеков.

Тенгиз Бөлтүрүк Акаевдин да, Бакиевдердин да кош жарандыгы бар деп жооп берди.

"Алар дагы Кыргызстандын жарандары болушкан. Анан алар азыр кайда? Мен чет өлкөдөн келдим. Мен өзүм Түптөн болом, ошол жерде төрөлгөм, өмүр бою ошол жерде иштегим келет. Паспортума тийбегиле, балдарым ошол жакта окушат. Тажрыйбамды, билимимди Кыргызстанга өткөргүм келет. Чет өлкөдөн келип, балдарды алып келдим. Азыр Россиянын Сбербанкында иштеген кыргыз жигиттери, Казакстандын, Англиянын алдыңкы адистери келишти. Жарандык менен патриоттуулуктун ортосунда эч кандай байланыш жок. "Кумтөрдүн" өндүрүмдүүлүгү 17 эмес, 25 тонна алтын болушун, кирешени 700-800 миллион долларга жеткирүүнү каалайбыз", - дейт Теңиз Бөлтүрүк.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости