www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мэр кантип тайраңдап жатат?

Бишкек шаарынын мэри Азиз Суракматов боюнча коомчулукта жылуу пикир жаралган. Албетте, алгач мэрликке шайлоо учурунда ушул эле борбор калаалыктар тарабынан катуу каршылыкка тушугуп, терс пикир күчтүү болчу. Дал ушул эсептен алып караганда калаалыктардын каршылыгынан улам азыр жан үрөп иштегенге мажбур эле... Анан калса тегерегиндеги пиар менеджерлери мыкты болуп, бир эсе аппарат башчысы да пресс кызматтын милдетин кошо аткарып жатып иштеп жаткандай, араба жүрүп жаткандай көз караш жартканга жан үрөштү, - деп жазып чыкты "Фабула" гезити.

Тилекке каршы, азыр мэрдин ишмердүүлүгү биз ойлогондой эле баары жакшы эмес. Азиз Суракматов бизнес өкүлү экенин айтып, кызыкчылыктар кагылышы болоорун мурдатан эле айтып келгенбиз. Дагы да кайталайбыз. Бизнесмен менен мэрлик катарлаш жүргөн жерде сөзсүз кызыкчылыктар кагылышы болот. Азыр да мэр жеке кызыкчылыгын коргоо менен алек. Четинен санайлы. Бүгүнкү күнү азыркы мэр Бишкекте бир канча объектте кожоюндук кылат. Тикелей болбосо да, кыйыр түрдө. Санап көрөлү. "Елизаветта" курулуш компаниясы 2013-жылдан бери бюджетке 23 миллион 270 миң сом төлөгөн. Бул бир жакшы квартиранын баасы. Ал эми бул компания ушунча жылдан бери Бишкектин эң жакшы райондоруна жүздөгөн квартира салып сатты. "Слон" күзөт агенттигин мэрдин карындашы жана уулу башкарат.

"Слон" юридикалык компаниясы да ушул күзөт агенттиги менен катар иш алып барат. "Новый город" ишканасы болсо Кыргызстан рыногунда 2007-жылдан бери эшик-терезе, фурнитураларды чыгаруу менен алек. Мэрдин бул жерде да үлүшү арбын. "Самолет" курулуш компаниясы болсо турак жай жана офис имараттарын куруу менен алектенет. "Папа Карло" мебель чыгарган ишканасы да ушул мэрге тиешелүү. Санай берсең баш адашат. "Сфера Кей Джи", "Нью Сфера", "Столица строй", "Фортресс", "Юрист Риэлт Строй"команиялары азыркы мэрге тикелей тиешелүү. Ошол эле учурда Ысык-Көлдө бир канча коттеджи, депутат Азамат Арапбаев менен биргеликте "Түштүк курулуш материалдары компаниясына" катталган Ош областындагы Араван районунда жайгашкан цемент заводго ээлик кылышат. Андан тышкары мэрдин кыйыр тиешеси бар делген "Ак нан" ЖЧКсы, "Галерея миллениум" ЖЧКсы, "Салнаш" ЖЧКсы, Ысык-Көл районунун Бостери айылындагы "Улитка" эс алуу жайында акциялары бар.

Мына ушул фактылардын баары азыркы мэрдин кызмат кызыкчылыгы менен бизнес кызыкчылыгынын шайкеш келип жатканынан кабар берет. Азиз Суракматов мэр болуп келгени дал ушул ишканалардын офистеринин алды жаркырап, шаардык бюджеттин эсебинен жолдору асфальттанып жатканын кантип танабыз. Бул имараттардын алды Азиз Суракматов мэр болгончо жөнөкөй гана фасад менен шөкөттөлсө, азыр ал жерлердин жасалгасынан көз тайгылат. Ал эми мэрлик дооронду аябай сүрүп жаткан Азиз Суракматов Грузиянын борбору Тбилиси шаарында жана Россиянын борбору Москва шаарында мейманканада мас болуп алып кантип эс алып жатканы боюнча өкмөт көз салып койсо абдан жакшы болмок эле... Бул боюнча айтыла турган кызыктар арбын. Азыр фактылар такталып жатат. Ошондой эле Түштүк магистралдагы 80 миллион сомго курулду делген парктан канча миллион желгени да иликтенүүдө. Дагы бир топ алешем жоруктарын жакынкы арада иликтеп-жиликтеп беребиз.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости