www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Абакта отурган Садыр Жапаров жакында президентке кайрылуу жолдоп, анда ал ырайым сурагандыгын анын адвокаты Шарабидин Токтосунов билдирген болчу.

Ал кайрылуусунда Садыр Жапаров өзүнө тагылган айыптар боюнча күнөөлүү эмес экендигин билдирип, акыркы убакытта атасы, апасы, уулунан ажырагандыгын айтып, жакын туугандары дагы оор абалда экендигин билдирген.

Маалым болгондой, абактагы саясатчынын президенттен ырайым сурашына анын бир тууган агасы Сабыр Жапаровдун өтүнүчү түрткү болгон экен. Сабыр Жапаровдун айтымында,  азыркы тапта инисинин үй-бүлөсүндөгү жагдай көңүл жылытаарлык эмес.

“Ата-энесинен ажырады, андан кийин күтүлбөгөн жерден уулу Дастан жол кырсыгына кабылып, кайтыш болуп кетти. Балдар окуу-жайларына, өз иштери менен чыгып кетет экен, апасы үйдө жалгыз калат. Садырдын жагдайын түшүнүү менен кабыл алуу керек. Ырайым сурагандан башка айла калган жок. Бул иш кандай жыйынтыкталат? Жооп болобу же болбойбу билбейбиз. Буга чейин биздин арызды далай жолу кабыл албай келишкен, ошондон улам биздин өтүнүчүбүз президентке жетпей жатабы деген бүдөмүк ой жарала баштады. Эми болсо аны интернет, жалпыга маалымдоо каражаттарына ачыктадык, биздин арызыбыз президентке жетет деген үмүттөбүз”, - дейт Сабыр Жапаров.  

Эске салсак, сот 2017-жылы Садыр Жапаровду “мамлекеттин өкүлүн барымтага алуу” беренеси боюнча күнөөлүү деп таап,  11 жарым жылга эркинен ажыраткан болчу. Анда 2013-жылы Каракол шаарында митинг учурунда өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлү Эмилбек Каптагаев барымтага алынып, анын уюштуруучусу катары Садыр Жапаров шектелген болчу. Бирок, буга чейин Эмилбек  Каптагаев сотто бул ишти кайра кароосун өтүнүп, Садыр Жапаровго доо арызы жок экендигин билдирип келген.

Булак: NazarNews.kg

< Предыдущий
Следующий >

Последние новости