www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев накта “отко салса күйбөгөн, сууга салса чөкпөгөн” кандай кырдаал болсун суудан кургак чыккан эргул экен. 

Бул жоругун эчен ирээт айгинеледи. Алыс барбай эле, кечээки эле Бишкектин чок ортосунда белгиленген долбоорду уруп ойнобой өзүм билемдик менен курулуш жүргүзүп жаткан Нариман Түлеевди кучактай калып, жагалданган жоругу көпчүлүктүн көөнүн айнытканын айтсак жетиштүү болот. 

Кыргызстан жалпы күбө болгондой, Жунушалиев курулуштун мыйзамдуулугун көзөмөлдөп барган УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевге Түлеевдин таламын талашып, курулуштун мыйзамсыздыгын мыйзамдуу кылып көрсөтүүгө көз көрүнө жандалбастап, төбөсүнөн көк буу көтөрүлгөнчө акактап болбой калды го, чиркин.

Буга дейре бул мэр мыйзам баарына бирдей деп карапайым калктын мүлктөрүн буздуруп, жолдорду кеңейтип, ирээтке салдарып жатам деген шылтоо менен оозунан көк түтүн чыгарып, азуусун айга жанып келген. Анан эле борбор калаанын чок ортосунда жердин асты-сүтүн ээлеп шаар тургундарын нааразы кылып жолду тарытып, көрксүз имаратты куруп жаткан Нариман Түлеевге келгенде кың дей алган жок. 

Эгер анын ордунда башка жөнөкөй адам болгондо эчак баса калып, имаратын буздуруп, айып салдырып, анысын айлап пиар кылмак. Мына эки жүздүүлүк. Кош стандартуу мамиле деп ушуну айтат. Анан кантип эл нааразы болбосун.

Последние новости