www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2021-жылы социалдык объектилерди куруу боюнча пландын алкагында №4 Бишкек шаардык клиникалык ооруканасынын аймагына инновациялык оорукана курулат. Бул тууралуу «Кабар» агенттигиндеги маалымат жыйынында Бишкектин жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу билдирди.
Анын айтымында, борбор калаада үстүбүздөгү жылга пландын алкагында бир нече жаңы муниципалдык объекттер курулат:
- №4 БШКО аймагына 3 кабаттуу жаңы инновациялык оорукана курулат;
- №3 медициналык тез жардам шаардык балдар клиникасы ооруканасынын аймагына жаңы корпус курулат;
- №6 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагына жаңы корпус курулат;
- «Бакай-Ата» конушуна фельдшердик-акушердик пункт курулат.
«Объекттерди курууга дээрлик 50 млн сом шаардын бюджетине киргизилгенин белгилеп кетким келет. Ошондой эле эл аралык донорлор өнөктөштүк жардам көрсөтүшөт», - деди ал.
Өз кезегинде Бишкек мэриясынын капиталдык курулуш башкармалыгынын башчысы Гүлмира Жумабекова жакын арада борбор калаада төмөнкү саламаттык сактоо объектери пайда болорун кошумчалады:
- «Көк-Жар» конушунда – 150 орунга ылайыкталган инновациялык оорукана;
- «Дордой» конушунда – жаңы үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- Семетей көчөсү 31 дарегинде – үй-бүлөлүк дарыгерлер борбору;
- №1 шаардык клиникалык ооруканасынын аймагында – жаңы инновациялык корпус;
- №4 шаардык перинаталдык борборунда – скрининг-борбор корпусу.
Булак: NazarNews.kg