www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жайылда 29 жаштагы жигит киши колдуу болду

29 жаштагы жигитти сабоого шектүү жарандар кармалды, деп билдирди бүгүн, 31-мартта Чүй ОИИББдин басма сөз кызматы.

27-мартта Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө ооруканадан 1992-жылы туулган Х.А. жандандыруу бөлүмүнө түшкөндүгү тууралуу маалымат келип түшкөн. Эртеси Х.А. алган жаракаттарынан улам каза болуп калган.

Аталган факт КЖБРга Жазык кодексинин 138-беренеси (Ден соолукка оор зыян келтирүү) менен катталган.

Алдын ала маалымат боюнча, окуя 27-мартта түнкү саат бирде Новониколаевка айылында болгон. Маркумду белгисиз адамдар сабап кеткен.

Жайыл РИИБдин кызматкерлери кылмышка шектүү адамдарды кармашты. Алар: 1994-жылы туулган А.М., 1995-жылы туулган Б.Н. жана 1990-жылы туулган Б.Т.

Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө уланууда.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости