www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын жер маселелери, архитектура жана курулуш боюнча вице-мэри Азамат Сагындык уулу
интернетте тарап жаткан кайык менен сүзүп жүргөн учурду чагылдырган жол оңдоло турганын билдирди.

Бул тууралуу ал жыйын учурунда айтты. Айтымында, кийинки салына турган жолдор бардык талаптарды эске алып, кемчилиги жок салынат.

"Убагында жол салынганда жөн эле жол салып коюшчу. Анда асфальт, тратуар, ирригациясына да көңүл бөлүнчү эмес. Ошонун айынан кечээги окуя болду. Ал жерге кечээ түндө биз мэрдин тапшырмасы менен барып келдик.

Азыр ал жакта адистер иштеп жатат. Суу топтолгон жакта агын суу кете турган арык жок экен. Кийинки жолдор ал кемчиликтердин баарын эске алып салынат", - деди ал.

Буга чейин Бишкекте жаандан улам жаралган көлчүктө активист кайык менен жүргөндүгү жазылган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости