www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Биз тараптан Орусия тарапка каттамдардын санын көбөйтүү сунушу менен каттарды жиберип жатабыз. Бул тууралуу бүгүн, 31-мартта «Кабар» агенттигинде өткөн маалымат жыйында Жарандык авиациянын директору Бакыт Жунушалиев билдирди.

Бакыт Жунушалиевдин айтымында, аба каттамдардын саны көбөйсө, билеттердин баасы төмөндөйт.

«Учурда бир эле Орусияга чектелүү болуп жатат. Эмнеге дегенде Орусияда ушул маселени чече ала турган керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдардын бакубаттуулугун коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) деген бир эле мамлекеттик орган бар экен. Биз Орусия авиациясы менен иштеп жатабыз. Ал эми биздин Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникациялар министрлиги Орусиянын Транспорт министрлиги менен иштеп жатат. Биз тараптан Орусия тарапка каттамдардын санын көбөйтүү сунушу менен каттарды жиберип жатабыз. Каттамдардын саны көбөйсө, билеттердин баасы төмөндөйт», – деди Бакыт Жунушалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости