www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бишкек шаардык мэриясынын жер ресурстары башкармалыгы муниципалдык жер тилкелерин пайдалангандыгы үчүн дебитордук карыздарды чогултууну улантууда. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.
Маалыматка ылайык, 2006-жылы "С" Ачык акционердик коомуна "К.С" заводунун мүлк комплекси үчүн 49 жылдык мөөнөткө ижаралык негизде 1,08 га жер тилкеси Рабочая көчөсүндө берилген.
"Тилекке каршы, 2021-жылдын биринчи кварталын эске алганда, 3 миллион 276 миң 524,84 сом суммасында карыз, ошондой эле 819 миң 131,21 сом өлчөмүндө туум пайда болгон. Карыздын жалпы суммасы 4 миллион 095 миң 656,05 сомду түздү", - деп айтылат билдирүүдө.
Буга байланыштуу жер реусурстар башкармалыгы карызды өндүрүү үчүн Свердлов сотуна кайрылган.
"Соттун 21-апрелдеги чечими менен жер реусурстар башкармалыгынын доо арызы толугу менен канааттандырылды", - деп кошумчалашты шаардык бийликтен.
Бишкек мэриясы муниципалдык жерди пайдалангандыгы үчүн ижара акысын убагында төлөп берүүнү суранат.
Эскерте кетсек, бардык суроолор боюнча Бишкек шаарынын мэриясынын жер ресурстар башкармалыгына Бишкек шаары, Чокморов көчөсү 246, телефон: (0312) 45-42-73 дареги боюнча кайрылсаңыздар болот.
Булак: NazarNews.kg