www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек шаарынын мэриясы «Ак-Кула» ат майданынын жерин жана мүлкүн эки компанияга жеке менчикке сатууну пландап жатат. Тиешелүү томтом долбоору коомдук талкууга коюлду.

Маалымкат-негиздемеде айтылгандай, буга чейин ат майдандын жери менен мүлкү эки ирет аукционго коюлуп, бирок сатып алуучулар чыкпагандыктан, аукциондор болбой калган. Эми ат майданды аукционсуз сатуу каралууда. Ал үчүн Бишкек шаардык кеңештин чечими керек.

Мэрия ат майдандын мүлкүн жана 55,73 гектар жерин ROX Group менен TNG Global Foundation компанияларына сатууну пландап жатат. «Ак-Кула» канча сомго сатылары белгисиз.

Токтом долбоорунда жазылгандай, аталган эки компания ат майдандын жеринин бир бөлүгүнө мектеп-бала бакчаларды, жолдорду, сейил бак салып, келишимге ылайык шаардык менчигине өткөрүп берет.

Эскерте кетсек, буга чейин Бишкектин мэриясы «Ак-Кула» ат майданынын 45,73 гектар жери жеке менчикке сатыларын кабарлаган. Анын баштапкы баасы 8 млрд 731 млн 917 миң сомго деп белгиленген.

Последние новости