www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Германиянын канцлери Ангела Меркель өлкөдө коронавирустун жайылышын токтотуу максатында киргизилген карантиндик чектөөлөр акырындык менен алына баштай турганын билдирди. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.

Меркелдин айтымында, кийинки жумадан тартып 800 чарчы метрге чейинки аянтты ээлеген дүкөндөр иштей башташы мүмкүн. Мындан тышкары көлөмүнө карабастан, автосалон, музей, китепкана, архив, зоопарк, ботаникалык бакча, китеп жана велодүкөндөрдүн ишин жандандыруу каралууда.

Ошол эле маалда социалдык байланыштарга киргизилген чектөөлөр кеминде 3-майга чейин сакталат. 4-майдан тартып мектептер, чач тарачтар иштей баштайт деп күтүлүүдө. Бирок ири коомдук иш-чараларды, диний кызматтарды өткөрүүгө августтун аягына чейин уруксат болбошу мүмкүн. Мындан тышкары азырынча кафе-ресторандар, кинотеатрлар жана музыкалык аянтчалар жабык болот.

Канцлер катаал чаралардын аркасы менен утурумдук ийгилик жетишилгенин, эми аны сактап калуу зарыл экенин белгиледи.

Бүгүнкү күнгө карата Германияда коронавирус жуктуруп алган адамдардын саны 135 миңге жакындап калды. Алардын 3 800дөн ашыгы каза болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости