www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров жана Украинанын тышкы иштер министри Дмитрий Кулеба менен болгон үч тараптуу жолугушуудан кийин: «Орусия менен Украинанын ортосундагы дипломатия боюнча аракеттерибизди улантабыз», - деди.
At a time of great need for peace, met with my Russian and Ukrainian counterparts Lavrov & Kuleba in a tripartite format on the margins of @AntalyaDF.
— Mevlüt Çavuşoğlu (@MevlutCavusoglu) March 10, 2022
We sincerely hope that peace prevails in our region.
We will continue our efforts for diplomacy between #Russia & #Ukraine. pic.twitter.com/sJu2e8XALJ
«Дүйнөдөгү чукул муктаждык болуп турганда мен орусиялык жана украиналык кесиптештерим Лавров жана Кулеба менен Анталиядагы дипломатиялык форумдун алкагында үч тараптуу форматта жолугуштум. Аймагыбызда тынчтык өкүм сүрүшүнө чын жүрөктөн ишенебиз», - деди ал.
Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путиндин «Донбасстагы калкты коргоо» тууралуу билдирүүсүнөн кийин орус аскерлери 24-февралда Украинага басып кирген.
Он беш күндөн бери Украинанын бардык аймактарында аткылоо жана бомбалоо уланууда. Эң катаал чабуулдар Киевге жана Харьковго жасалды.
Ал эми БУУнун маалыматы боюнча согуш башталгандан бери Украинадан 2 миллион адам чыгып кетти.
Булак: NazarNews.kg