www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ишемби жана жекшемби күндөрү Мьянманын бир нече шаарында аскердик режимге каршы нааразычылык акциялар өттү. Янгон, Тавой жана Мандалай шаарларында полиция менен болгон кагылышууларда кеминде 18 киши каза болуп, 30дан ашыгы жаракат алды.
Бул тууралуу БУУнун адам укуктары боюнча жогорку комиссарынын башкармалыгына шилтеме кылып айрым басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка караганда, кагылышуулар маалында полиция кызматкерлери алгач желим окторду колдонсо, кийинчерээк кадимки ок менен демонстранттарды аткылай баштаган.
Мьянма 2011-жылга чейин аскердик бийликтин көзөмөлүндө болгон. Дал ошол жылы аскердик бийлик кулатылып, демократиялык өзгөрүүлөргө жол ачылган.
Быйыл 1-февралда аскерлер кайрадан бийликти кулатып, Нобель сыйлыгынын ээси Аун Сан Су Чжи баш болгон жарандык жетекчилерди камакка алган. Аскердик жетекчилик былтыр ноябрдагы «парламенттик шайлоону бийлик таза өткөргөн жок» деген шылтоону жүйөө катары карманып жатат.
Мьянманын оппозициячыл күчтөрү гана эмес, дүйнө коомчулугу да аскердик хунтадан өлкөдөгү мыйзамдуу жарандык бийликти тез арада калыбына келтирүүнү, абакта жаткандарды дароо бошотууну талап кылууда.
Булак: NazarNews.kg