www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Москвада эмгектенип жүргөн мигранттар Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровго Кайрылуу жолдоду.

Урматтуу Президентибиз Жапаров Садыр Нургожоевич.

Биз сизге кайрылуубуздун себеби төмөнкүчө:

Баарыбыз Мекенибиздин жакырчылыгынан, Россия жергесине дегеле бүт чет мамлекеттерге жумуш издеп, үй-бүлө, бала-чака, ата-энелерибизди багалы деп алыскы сапарда жүрөбүз. Бирок бөтөн элде кандай күндөр өтпөйт экен башыбыздан. Арада мекендештерибиз ар кандай абал менен оруканага түшүп калат, арасында каза болгодору да бар. Бирок, биз эже-сиңдилерибиздин айынан бөтөн улуттардын арасында баш көтөрүп жүрө албай калдык. Жигиттерибиз намыска чыдабай канча эскертүү берседа маани беришпей, элибиздин жүзүн жер каратып жатышат. Алардын айынан бычак жеп ооруканага түшкөн эр жүрөк мырзаларыбыз Москва шаарында ооруканада жатат.

Бул бир эле Россия жергесинде эмес, чет мамлекеттерде да катталып жатат.

Кана биздин мамлекет өнүккөндө биз кыргыздар минтип мигрант, болуп чет жерге үй-бүлө, бала-чака багалы деп кетпейт болчубуз!

Өспүрүм курактагы кыздарды чет өлкөгө чыгарбоону ошондой эле чет өлкөдө бөтөн улут менен мамиле түзүп кеткен Кыргызстандын аял затына мыйзамдуу түрдө статья ачып камоону талап кылабыз!

Москва шаарында эмгектенип жүргөн Кыргызстандын жаштары!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости