www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
ССКП Борбордук Комитетинин мурдагы генералдык катчысы жана СССРдин жалгыз Президенти Михаил Горбачев менен коштошуу ишемби күнү, 3-сентябрда болот, деп билдирди Горбачев атындагы фонддун басма сөз катчысы.
Фонддун маалыматы боюнча, коштошуу зыйнаты Колонналар залында өтөт, акыркы сапарга узатуу зыйнаты ошол эле күнү болот. Мурда маалымдалгандай, Горбачевдун сөөгү Москвадагы Новодевичье көрүстөнүнө үй-бүлөлүк бейитке, жубайынын жанына коюлат.
Горбачевдун кызы азыр Москвада экенин, аны менен коштошуу үчүн неберелери да келери айтылууда. Кремль президент Владимир Путиндин салтанатка катышаар-катышпасын кийинчерээк жарыялай турганын билдирди.
Михаил Горбачёв 30-августта 91 жашында узакка созулган оорудан улам көз жумду. Анын каза болгонуна байланыштуу дүйнөнүн бир катар лидерлери көрөгөчтүгүн белгилеп билдирүү кылышты.
Горбачёв 1931-жылы 2-мартта Ставрополь крайынын Привольное айылында жарык дүйнөгө келген. 1955-жылы Михаил Ломоносов атындагы Москва мамлекеттик университетинин юридика факультетин аяктаган, ал эми 1967-жылы Ставрополь айыл чарба институтун бүтүргөн. Университетти аяктаган соң Ставрополь аймактык прокуратурасына бөлүштүрүлүп, андан кийин партиялык иштер менен алек болгон.
1985-жылы ССКП БКнын кезексиз жыйынында Горбачёв генералдык катчы болуп шайланат, ал эми 1988-жылдын 1-октябрынан тарта СССРдин Жогорку Советинин Президиум төрагасы кызматын кошо аркалап, өлкөнүн да, партиянын да башкы жетекчилигин колуна алган. Ошол мезгилде Горбачёв реформалардын программасын жарыялап, кийин ал кайра куруу деген аталышка ээ болот.
1990-жылы СССРдин эл депутаттарынын кезексиз III жыйынында Горбачёв Советтер Союзунун биринчи жана акыркы президенти болуп шайланып, андан соң СССРдин курамындагы 15 республика өз алдынча, көз карандысыз мамлекет болгон.
Булак: NazarNews.kg