www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция автоунаа уурдагандарды кармады

2020-жылдын 19-январь күнү Жалал-Абад шаарынын тургуну 1960-ж.т. С.У. арыз менен кайрылган. Анда 2020-жылдын 18-январынан 19-январына караган түнү өзү жашаган көп кабаттуу үйдүн алдындагы автоунаа токтотуучу жайга өзүнүн айдап жүргөн “Хундай Аванте” үлгүсүндөгү автоунаасын токтотуп койгон жеринен белгисиз кылмышкерлер жашыруун түрдө уурдап, айдап кетишкенин билдирген. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБнин Басма сөз кызматы билдирди.

Дагы бир Жалал-Абад шаарынын тургуну 1994-ж.т. С.Т. 2020-жылдын 19-январь күнү арыз менен кайрылып, анда 2020-жылдын 18-январынан 19- январына караган түнү саат 23:50 чамасында Жалал-Абад шаарындагы көп кабаттуу үйлөрдүн биринин алдына токтотуп койгон “Деу Тико” үлгүсүндөгү автоунаасын белгисиз кылмышкерлер уурдап кетишкенин билдирген.

Бул фактылар боюнча топтолгон материалдар Жалал-Абад ШИИБнин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 206-беренеси (Автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылган.

Жогорудагы фактылар боюнча Жалал-Абад ОИИБнин жана Жалал- Абад ШИИБнин Криминалдык милиция кызматы тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иштеринин натыйжасында Ноокен районунун тургундары 2002-ж.т. Б.А. жана 2002-ж.т. У.Э. кармалып, учурда тергөө амалдары жүргүзүлүп жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости