www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облустук ички иштер башкармалыгы «Головной» участкасындагы суу бөлүштүрүүчү жайга тажик тараптын видеокөзөмөл коюлду деген маалыматына төмөнкүдөй түшүндүрмө берди:

Баткен районунун Ак-Сай айыл аймагынын «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайы стратегиялык аймак болгондугуна байланыштуу Кыргызстандын ИИМи тарабынан атайын кайтарууга алынган.

2021-жылдын 28-апрель күнү кыргыз жана тажик элинин ортосунда пикир келишпестик чыгып, ал жерге орнотулган видеокөзөмөлдөр таш ыргытуудан улам талкаланып, жараксыз абалга учураган.

Бүгүнкү күндө жабыркап, талкаланган жерлер кайрадан калыбына келтирилип, эки элдин ортосундагы чыр-чатактын алдын алуу максатында эки тарап тең өз аймактарына видеокөзөмөлдөрдү орнотушкан. Азыркы учурда аталган аймакты КР ИИМ кайтарууга алып, толук көзөмөл жүргүзүп турат. Абал туруктуу.

Эскерте кетсек, буга чейин айрым ЖМКлар «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайга жакын жерге тажик тарап видеокөзөмөл орнотуп жаткандыгы тууралуу жазып чыккан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости