www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Милиция ТИМ кызматкеринин өлүмүнүн чоо-жайын айтты

Тышкы иштер министрлигинин кызматкери Бахтияр Шакиров Эне жана баланы коргоо борборуна дарыларын көтөрүп барып асма ийне жана укол алгандан кийин көз жумган. Бул тууралуу Бишкектин Ленин райондук милициясы билдирди.

Маалыматка ылайык, 1-апрелде саат 00:14тө милицияга Эне жана баланы коргоо борборунан 40 жаштардагы киши көз жумганы тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерге Ленин райондук милициясынын ыкчам-тергөө тобу барган.

«31-март күнү саат 22:30дарда 1982-жылы туулган Ш.Б. ооруканага өзүнүн дарыларын көтөрүп алып асма ийне жана укол алганы келген. Медайым ийне сайгандан кийин өзүн жаман сезип, алгачкы жардам көрсөтүлгөнүнө карабастан эсин жоготуп, ошол жерден көз жумган», - деп айтылат маалыматта.

Аталган факт Ленин РИИБдин Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган. Ошондой эле өлүмүнүн себебин аныктоо үчүн тиешелүү соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.

Эске сала кетсек, кечээ ТИМ Консулдук кызмат департаментинин директорунун орун басары Бахтияр Шакиров дүйнөдөн мезгилсиз кайтканын билдирген.

Саламаттык сактоо министрлигинин мурдагы өкүлү Елена Баялинова Шакиров Кыргызстанга Кытайдан келген SinoPfarm вакцинасын алгачкы болуп алгандардын бири экенин айтып чыккан эле.

Ал эми Республикалык иммундук профилактика борборунун директору Гүлбара Ишенапысова дагы маркумдун аты эмделгендердин тизмесинде жок экенин билдирген. Министрлик Республикалык соттук-медициналык экспертиза борборунун адистери сөөктү карап чыккан учурда эмдөөдө сайылчу ийненин изин таппаганын, акыркы жыйынтык 14 күндүн ичинде белгилүү болорун маалымдады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости