www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Башкы прокуратура «Ош» эл аралык аэропортун реконструкциялоо учурунда бир катар мыйзам бузуулар болгонун аныктады. Бул тууралуу көзөмөл органынан билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган аэропортто 2019-2020-жылдары ремонт иштери жүргүзүлгөн.

«Перронго жаңы материал төшөө жана байланыш тармагын жаңылап чыгуу учурунда мыйзам бузулуп, мамлекетке зыян келтирилгени аныкталды. Тагыраагы, 2020-жылдын сентябрь айынан тарта 2021-жылдын январь айына чейин «Манас» жана «Ош» аэропортторунун айрым кызматкерлери тарабынан аткарылган иштер тиешелүү документтери туураланбай туруп кабыл алынган», — деп айтылат прокуратуранын билдирүүсүндө.

Транспорт, архитектура, курулуш жана коммуникация министрлигинин адистерин тартуу менен жүргүзүлгөн текшерүү учурунда курулуш материалдарынын жана жасалган иштердин баасы 3,4 миллион сомго жогору көрсөтүлгөнү белгилүү болгон. Мындан тышкары, перрондун айрым жерлериндеги асфальт сапатсыз төшөлгөнү аныкталган.

Аталган факт Жазык кодексинин 320 («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») жана 233-беренелерине («Коммерциялык же башка уюмда ыйгарым укуктарын кыянаттык менен пайдалануу») ылайык каттоого алынып, мындан аркы тергөө үчүн УКМКга өткөрүлдү.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости