www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 14-июнунда Октябрь районуна бөлүнгөн Бишкек шаардык ИИББгы боюнча Милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн чарчыда кайгуулда жүргөн учурда Медерова менен 7-Апрель көчөлөрүнүн кесилишинде жол жээгиндеги куураган чөптөр алоолонуп күйүп жаткандыгын көрүшкөн. Бул тууралуу Милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Ошол замат ыкчам аракеттерди көрүп, өрт өчүрүүчү кызматы келгенче МККБнын мобилдик тобу экиге бөлүнүп, бири ошол жердеги коомдук тартипти сактоо максатында өрт жүргөн чарчыны курчоого алып турушса, экинчи топ күйүп жаткан өрттү өчүрүштү. 

Милициянын кайгуул кызматкерлеринин бул ыкчам аракетин көргөн шаар тургундары кызматкерлерге ыраазычылыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости