www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровду кепке тартып, кыргыз саясатындагы биригүүлөр, оппозиция болом деген саясий топтор боюнча пикир алыштык.

--Азимбек Анаркулович, шайлоонун шарапат менен Кыргызстанда өз ара биригүү, блок түзүү башталды. “Ак шумкар” партиясы, Рыскелди Момбеков, Жанар Акаев жана бир топ коомдук уюмдар “Ата Мекен” партиясынын  желегинин алдында шайлоого барары айтылды. Булардын биригүүсү аргасыздыкпы же бийликти эсептештирүүнүн  айласыбы?

--Алардын  биригишине себеп болгон жагдайларда сиз айткан эки фактор тең бар. Бирок, биригишкендер ар кайсы күчтөрдүн эски мүчөлөрү, калдыктары болгондуктан бийлик эсептеше бербейт го. Себеби  “Ата Мекен” социалисттик партиясы акыркы мезгилде кадырын, таасирин жоготуп алды. Ошон үчүн ар кошкондор менен бийлик эсептешпейт го деген ойдомун.

--Бирок, анткениңиз менен алар коомчулукка күчтүү оппозициялык блок түзгөндөй таасир калтырып жатышат го?

--Текебаев, Акаев жана алардын курамына киргендер бийликке эч качан оппозиция, боло алышпайт. Себеби, аларда бийликке оппонент болчудай системдүү, идеялык программа жок. Кечээ эле биз улутчул мекенчил күчтөр көтөргөн  кен-байлыктардагы коррупция, Кумтөр жана башка кен байлыктар боюнча маселеде унчукпай отурушту го. Ошондой эле Атамбаевдик жеке башкаруу системасына каршы чыкканыбызда, саясий коррупциянын коронавирусу болгон азыркы шайлоо системасын өзгөртүү боюнча  маселе көтөргөнүбүздө, Батукаевдин чыгарылышы, жана мамлекеттик башкаруунун башын элге салып ачып алууда, бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин жогорулатуу жөнүндөгү фундаменталдуу - орчундуу маселелерде унчукпай отурушту го.  

Булар 2016- жылга чейин Атамбаевди колдоп келишсе, азыр деле орчундуу маселелерде ооз ачышпайт. Алардын тактикасы кайсы бир Өкмөт мүчөсүнөн күнөө табуу, аны чоң табылгадай кылып пиар кылуу, иши кылып бийликтен жамандык, кемчилик издөө. Булар кемчиликти таап, ошону айтып чыгышканы менен эч качан ага каршы «дарыны» сунуштабайт. Айтайын дегеним, өздөрү бийликте, коалицияда жүрсө да суроо койбойт.  

--Ар башка партиядан, ар уюмдан бириккендер эртең эле бири-бирин сатып, ажырашып кетишпейби?

--Андай да болушу мүмкүн. Анткени, Атамбаевди кимдер сатты? Эмне үчүн сатты баары билет. Бирок, бир саткан адам дагы миң сатат дешпейт экен да...

--Өмүрбек Текебаев Жанар Акаевге эмне үчүн  ишеним артты деп ойлойсуз?

--Текебаев Жанар Акаевден башка кимге ишеним артат? Аргасы жоктон Акаевге токтолгондур да.

--Баса, бул альянсты эмнегедир “оппозиция боло албайт” дедиңиз. Булардан башка таасирдүү  оппозиция боло алчу саясатчылар  барбы?

--Азырынча Адахан Мадумаровдон башка бийликке келишпес оппозицияны көрбөй турам. Бирок ал дагы азыркы саясый системага эмес, жеке Жээнбековдорго каршы, себеби ушул эле президенттик жеке башкарууну аркалаган Бакиевге, Атамбаевге ооз ачкан эмес.

Буюрса, күзгө чейин убакыт бар. Мамлекетти ойлогон, элди кайдыгер калтырбаган, келечекте ийгиликке жете турган, элдик байлыкты сактоону максат кылган, демократиянын баалулуктарын колдоого алган, укуктук мамлекет түзүүгө салым кошкон, улуттук идеологияны туу туткан, улуттук кызыкчылык, эгемендүүлүк жана башка өзөктүү программа менен бийликке оппозиция боло турган оппозиция жакында пайда болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости