www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 15-июнда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы Дастанбек Жумабеков Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблея (ЖККУ ПА) Кеңешинин онлайн-конференциясына катышты. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.

Ошондой эле жыйынга Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясына мүчө Россия Федерациясынын, Армения, Беларусь, Казакстан, Тажикстан Республикаларынын парламент жетекчилери, уюмга байкоочу макамына ээ Сербия, Афганистан мамлекеттеринин парламенттеринин депутаттары, ЖККУ жана ЖККУ ПА катчылыгынын өкүлдөрү катышты.    

Видеоконференцияда модераторлук милдетти Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин аркалады.

Баарлашууда негизги тема катары 2016-2020-жылдарга карата уюмга мүчө мамлекеттер арасында улуттук мыйзамдарды жакындатуу жана бири-бирине шайкеш келтирүү багытында Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын программалык ишмердүүлүгүн ишке ашыруунун жыйынтыгы жана аталган программанын 2021-2025-жылдарга карата долбоору талкууланды.

Онлайн-конференция учурунда Жамааттык коопсуздук келишими уюмунун Парламенттик ассамблеясынын алгылыктуу ишмердүүлүгүнө токтолгон Төрага Дастанбек Жумабеков: “Уюм өлкөлөрүбүздүн мыйзамдарын бири-бирине шайкеш келтирүүдө негизги ролду ойноп, бир катар моделдик мыйзамдар менен сунуштарды иштеп чыгууга жана кабыл алууга өбөлгө түздү”, – деди.

Андан тышкары, Дастанбек Жумабеков ЖККУ Парламенттик ассамблеясы тарабынан иштелип чыккан документтердин көпчүлүгү социалдык мүнөздөгү көйгөйлөрдү чечүүгө, адам укугу менен эркиндигин коргоого, чек аралык, аскердик-техникалык кызматташтыкка жана коопсуздук маселелерине багытталгандыгын белгиледи.

Өз кезегинде Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володин кесиптештеринин көңүлүн коронавирус илдетинин жайылышына каршы жүргүзүлүп жаткан күрөшкө буруп, ушундай кыйын кырдаалдарга чара көрүү үчүн ЖККУнун мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү зарылчылыгына токтолду.     

Төрага Дастанбек Жумабеков видео-конференцияны уюштургандыгы үчүн Россия Федерациясынын Федералдык Жыйынынын Мамлекеттик Думасынын Төрагасы Вячеслав Володинге ыраазычылык билдирип, жакынкы аралыкта дүйнө эли коронавирус илдетинен кутулаарына үмүт артарын кошумчалады.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости